Бардык жаңылыктар

Эмне үчүн Текебаевдин соту 21-августка жылдырылды?

Жогорку сотто 16-июлда карала турган Өмүрбек Текебаевдин иши 21-августка жылдырылды. «Ата Мекен» партиясынын жактоочулары нааразычылык келтирүүдө. Эми ЖМКларда, соцтармактарда активдүү иштегенге аракет кылышат. Эске салсак, буга чейин Текебаевдин иши оң жагына чечилери болжонуп, эркиндикке чыга турганы айтылып аткан. А эмне үчүн сотту жылдырып коюшту? Биздин баамыбызда, соңку убакта Алмазбек Атамбаев менен бийликтин тиреши жумшарганы, ортого тышкы чоң күчтөрдүн аралашканы, чегине жетип бараткан кырдаалды кайсы бир деңгээлде турукташтырып, эки тарапты жайгаруу маселеси коюлганьн болжосок болот. Албетте, бул саясый оюндун жүрүшү ачык айтылбайт. Мындай шартта Текебаевди түрмөдөн чыгарып жиберүү бийлик үчүн кооптуу болушу ыктымал. Атамбаев менен бир жаңсыл болуу, балким элдешүү иш-аракеттери жолго коюлса, анда Текебаевди темир тор артында дагы кармап турууга негиз түзүлөт. Кандай жагдай болбосун, Атамбаев да, Текебаевда бул бийликке акыры оппозиция болору шексиз. Ошон үчүн Акүй билермандары экөөнү тең саясый аренадан алсыратууга, керек болсо сүрүп салууга далбасташат. Себеби, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ата Мекен» менен КСДП баары бир элди бурууга, бийликтин партияларын өткөзбөө үчүн катуу күрөшкө барышат. Мындай шартта душмаңдарды «кебез менен мууздагаңдай» кылууга, алдыртан жайлоо амалдары көрүлөрү шексиз.

Булак: «Азия ньюс»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...