Бардык жаңылыктар

Зеленский: “баарын баарына” алмаштырууну Путин сунуштады

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия ФСБсы тарабынан Крымдын жээгинде кармалган 24 украин морягын “баарын баардыгына” принциби боюнча алмаштырууну сунуштады.

Бул тууралуу Зеленский “Президент менен ачык сүйлөшүү” берүүсү учурунда билдирди. Украин лидеринин айтымында, бул согушту токтотууга жана Орусия менен Украинанын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жандандырууга өбөлгө болмок.

Зеленский “баарын баарына” алмашуу форматын телефондук сүйлөшүү учурунда Орусия президенти Владимир Путин сунуштаганын айтты. Бирок Киев менен Орусия түзгөн тизме бири-бирине дал келбей жатат. Буга байланыштуу ал алмашууну 24 украин морягынан баштоону сунуштады.

Владимир Зеленский менен Владимир Путиндин алгачкы телефондук сүйлөшүүсү 11-июлда Украинанын демилгеси менен ишке ашкан.

17-июлда Москванын Лефортовский соту 2018-жылы Орусия ФСБсы тарабынан кармалган 24 моряктын камактагы мөөнөтүн дагы үч айга узарткан. Буга чейин Зеленский Путинден моряктарды бошотууну суранган. “Баарыбызда бала бар, балдарын ата-энелерине кайтаргылачы” деген ал.

Моряктар 2018-жылдын 25-ноябрында Керч кысыгында Украина менен Орусиянын кемелеринин ортосундагы чатакта кармалган.

Эгер сот күнөөлүү деп тапса, алар Орусиянын мыйзамдарына ылайык алты жылга чейин кесилиши мүмкүн.

Украина ноябрдагы окуяны “агрессия”, ал эми моряктарды “аскер туткундары” деп атаган. Аны АКШ, НАТО жана Евробиримдик колдогон. Орусия моряктар мыйзам бузганы үчүн кармалган деп эсептейт.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...