Бардык жаңылыктар

Мурдагы депутат Музаффар Исаков үй камагына чыкты

Жогорку Сот Музаффар Исаковдун ишин карап, аны кайрадан карап чыгууну биринчи инстанцияга, Сузак райондук сотуна 3-июлда жөнөттү.

Сузак райондук соту 15-июлдагы сот отурумунда Исаковду үй камагына чыгаруу боюнча анын жактоочусунун өтүнүчүн канааттандырган. Бул маалыматты Жалал-Абад облустук сотунун басма сөз кызматы ырастады.

Жергиликтүү укук коргоочу, Музаффар Исаковго каршы арызданган Анарбай Орозов соттун чечимине макул эместигин билдирүүдө.

Быйыл 14-майда Жалал-Абад областтык сотунун чечимине ылайык Музаффар Исаков Жазык кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү (“Кылмыш жасоону уюштурган же анын аткарылышына жетекчилик кылган адам, ошого тете уюшкан тобун же кылмыштуу уюмду түзгөн, же болбосо аны жетектеген адам уюштуруучу деп таанылат”), 320-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен күнөөлүү деп табылып, жети жылга эркинен ажыратылган. Анын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, сот залынан камакка алынган.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Музаффар Исаковго 2017-жылы Башкы прокуратура Кылмыш кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Ага “2010-жылдан 2015-жылга чейин Сузактагы Таш-Булак айыл аймагынын башчысы болуп турганда архитектура жана Мамлекеттик каттоо органдары менен келишип алып, 14 гектардан ашуун айыл чарба багытындагы жерди жеке менчик турак жай курууга бөлүп берүү тууралуу 315 мыйзамсыз токтом чыгарган» деген айып коюлган.

Мамлекеттик айыптоочу Музаффар Исаковду 12 жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтүн күчөтүлгөн тартипте өтөөнү жана анын үй-мүлкүн мамлекеттин пайдасына алууну соттон сураган.

Бирок былтыр декабрда бул ишти караган Жалал-Абаддын Сузак райондук соту ага коюлган “Коррупция” беренесин “Жер мыйзамдарын бузуу” беренесине которуп, үч жылдык сыноо мөөнөтү менен жети жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Исаков былтыр декабрь айында депутаттык мандатын өз ыктыяры менен өткөрүп берген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...