Нью-Йорктун соту "Кодоо" же "Эль Чапо" деген каймана ат менен белгилүү маңзат барону Хоакин Гусманды өмүр бою абакка кести. Ал 2016-жылы Мексикада кармалып, бир жылдан кийин АКШга экстрадиция болгон. Кошмо Штаттарда ага кокаин ташуу, курал-жаракты мыйзамсыз алып жүрүү жана адам өлтүрүүнү уюштуруу боюнча айыптар тагылган.
Гусман башкарган "Синалоа" картели Кошмо Штаттарга саткан маңзаттардан жылына 320 миллион доллар киреше тапканы аныкталган. 2012-жылы Усама бен Ладен жок кылынгандан кийин АКШ бийлиги Гусманды "№1 кылмышкер" деп атай баштаган. Наркобарон мекени Мексикада эки ирет камалып, эки жолу тең абактан качып кеткен.
Тектеш кабарлар
Ак үй Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлгөнүн тастыктады Аалам // 16-09-2019, 14:37 |
Усама бин Ладендин уулу өлтүрүлгөнү кабарланууда Аалам // 1-08-2019, 15:57 |
Кыргызстан АШАдай апааттан тезирээк арылуусу зарыл! Саясат // 19-06-2019, 13:37 |
Швециянын соту Ассанждын бөгөт чарасын аныктоо боюнча ишти карайт Аалам // 3-06-2019, 11:15 |
Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры Саясат // 25-06-2019, 11:00 |