Бардык жаңылыктар

Алмаз Шаршенович, Баа-баркы бийик Бакайды чыккынчы кылууга чыныгы кыргыздын дити барбайт…

Сɵзүңүзгɵ аралжы!


2011-2017-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын президенти болгон Алмазбек Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин дагы Кыргызстанды башкара берем деген тилегине жетпей калгандан кийин, азыркы ажого таарынып Кой-Таштагы 2 гектар хансарайында тынч жата албай атадан калган акыл мураска кайрадан тиш салып, кадимки Бакай бабабызды Манаска кыянаттык кылган саткын, ууру катары сыпаттаптыр. Тагыраак айтсак, мазмуну менен маанисине түшүнбɵгɵн Атамбаев адатынча ата мурасына кашынып: «Манас жарадар болуп бийликтен кеткенде баары сатат, Каныкей Бакай атага барса: «Каныкей сага айран уурдап берейин» деп ал да качат» дептир. Бул таза кандуу кыргыздын айта турган сɵзү эмес. 


Манас дүйнɵсүндɵ Бакайдын орду ɵтɵ чоң. Кыргыздын туткасы, акылдын кени катары саналат. Бүт баарын тең салмакта кармап, Манаска гана эмес, Семетей менен Сейтекке дагы ɵйдɵдɵ ɵбɵк, ылдыйда жɵлɵк болуп колдоп келген. Бакай атанын: «Бɵлүнсɵң бɵрү жеп кетет, бɵлүнүп калды кыргыз деп, бɵлɵк элге кеп кетет» деген мыкты сɵзү бар. Азыр да үлгүлүү карыны, акылман аксакалды Бакайга салыштырып айтат. Ал эми Бакай атанын калпагы бүгүнкү күнгɵ чейин сакталып, таберик болуп бизге жетти. Демек, Бакай Манасты сатып кетти же чыккынчылык кылды деген сɵздү акылы бар киши айтпайт. 


Эсиңиздерде болсо керек, Атамбаев бийликте турган учурунда дагы Манас туурасында бир нече ирет акылга сыйбаган сɵздɵрдү сүйлɵп, Чубакты чыккынчы кылып, Таластыктарды Абыке менен Кɵбɵштүн тукумдарына салыштырган. Мен ошондо бир нече материал жазгам, алар Алмазбек Шаршеновичке жаккан эмес, кийин динчилдердин нааразычылыгынан пайдаланып анын ɵчүн алды. Ал ишке Абдил Сегизбаев ɵзгɵчɵ салымын кошкон, убагы келгенде баары ачыкка чыгат. Азыр 2012-жылы, 23-февралда «Учур» газетасына жазган «Айкɵл Манас атабыз кулаалы таптап, курама жыйнабаптыр!» деген материалды сунуш кылабыз.


Алмазбек Атамбаевдин Кыргыз республикасынын Эгемендик күнүнɵ байланыштуу куттуктоо сɵзү: 


«…ар качан Манас сыңары баатырлар бактыбызга туулуп, бириндеген элди бириктирип, кыргызды сактап келген. Ошондуктан, Айкɵл Манас бабабыздын:

«Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген сɵздɵрү азыр да ташка тамга баскандай жаңырат...»


17 декабря 2010 года, кандидат в премьер-министры страны А.Атамбаев выступил перед депутатами парламента: 


«...Кыргызов, которые не потерялись, не исчезли в течение тысячелетий, никто не сможет разделить и раздробить.

Как сказал наш предок Манас-великодушный:

Кулаалы таптап куш кылдым, 

Курама жыйып журт кылдым…»


Президенттик шайлоо платформасынан; 

Алмазбек Атамбаев: «Кыргызстандын биримдигин сактап калуу керек» 


«Чын эле азыр Кыргызстан жаңыдан тɵрɵлгɵн бир ымыркайга окшоп турат. Ɵлкɵбүздүн бутуна турушу элдин колунда. Ынтамакты, биримдикти сактап калсак, баарын жеңген болобуз. Эмнеге чечим алып, Манас атанын эстелигин коюп атабыз. Эстеликтин алдына негизги осуяты жазылат: «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деп. Биз - курама журтпуз. «Кыргыз» деген «кырк кыз» эмес, «кырк ууз», «кырк эл» деген сɵз. Манас атабыз бир топ элди бириктирген...»


«Апрель» революциясынан бери карай кыргыздардын түпкүлүктүүлүгүнɵ күмɵн туудурган түшүнүктɵгү «курама элбиз» деген сɵз мамлекеттик масштабдагы жыйындарда кɵп кайталанып, кандаштарыбыздын кайдыгерлигин жарата турган сɵз мамлекеттик деңгээлге чейин кɵтɵрүлүп, атургай учурдагы идеологиянын ɵзɵгү катары таңууланып жатканына жалпы коомчулук күбɵƟкүнүчтүүсү, ошол мамлекеттик деңгээлде айтылып жаткан «курамабыз» деген сɵз миңдеген мекендештерибиздин кɵңүлүн чɵктүрүп, кабатыр кылып жатканын эч кимибиз тана албайбыз. Кыргыздын уулу катары мен дагы бул сɵздү уккан сайын улуттук намысым ойгонуп, элибиздин тектүүлүгүнɵ шек келип жатканын сезип жүрдүм. Бирок, «курама элбиз» дегенди Айкɵл Манас бабабыз «айтты» дегенинен улам, бугумду сыртка чыгара албай, «тилимди тишиме» катып жүрүүгɵ туура келди. Тилекке каршы, улуттук аң-сезимге жик сала турчу ошол «сɵз» токтоп калбай, улам кайталанып, акыры Ала-Тоо аянтындагы Айкɵл Манас айкелинин алдына бадырайып жазылды. Бийлик билермандары мунусу менен айтылып келген нерсени толук бекемдешип, «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген сɵздү Манас атабыз айтканын иш жүзүндɵ тастыкташты. Азыр жалпы кыргыз эли, ɵлкɵ жарандары жана дүйнɵлүк коомчулук Айкɵл Манас атабыз «дал ушинтип айткан турбайбы» деп кабыл алышууда. Бирок, урматтуу замандаштар, улуу манасчыларыбыз С.Орозбаков («Хан Теңир» басмаканасы) менен С.Каралаевдин («Турар» басмаканасы) айтуусу боюнча, 2010-жылы толукталып чыгарылган Манас баянын кайрадан окуп чыгып, таң кала турган жагдайларга туш болдум. Кызыгы, Манас атабыз айтпаган нерсени «айтты» дегендердин жоругуна таң калдым. Кɵрсɵ, Айкɵл Манас атабыз «кулаалы таптап», «курама жыйнап» деп эч кайсы жерде айтпаптыр. Анда сиздерге түшүнүктүү жана жеткиликтүү болушу үчүн, жогоруда айтылган «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген сɵз Манас баянынын кайсы жеринде, кандай болуп ɵзгɵрүп, кимдер тарабынан айтылганына токтолоюн. Ага кɵз жүгүртүп кɵрүңүздɵр: 


Жети-Ɵзɵндɵй кайран жер

Эби менен жер кылып,

Азган-тозгон кыргызды

Эптеп жүрүп эл кылып,

Кулаалы багып куш кылып, 

Курама жыйып журт кылып, 

Тели куш багып куш кылып,

Тентиген элди жыйып журт кылып,

Катагандын кан Кошой,

Коргонун таштан салды – дейт. (167-б.)


Кары абаң Кошой кайгырып,

Кайран элден айрылып,

Ашып-шашып жакалап,

Кас буудандын барысын

Кайра баштан такалап,

Будурду тиктеп, белди издеп,

Бууданым, сендей шерди издеп,

Шер табалбай айла жок,

Чеч-Тɵбɵ күтүп жер кылдым,

Мен тентиген жыйып, эл кылдым!

Кулаалы таптап куш кылдым, 

Курама жыйып журт кылдым! (180-б.)


Эки-Кемин жайлаган,

Эгиз кара ат байлаган,

Күздүк күрүч айдаган,

Күрмɵгүн берип байлаган,

Кара тилин кайраган,

Кан алдында сайраган,

Курама жыйып журт кылган, 

Эйбит кандын эр Үрбү

Ошол тойго да келип. (548-б.)


Чоң-Алайды жердеген,

Чочубаган эр деген,

Кулаалы таптап куш кылган, 

Курама жыйып журт кылган, 

Теликуш багып куш кылган,

Тентигенди журт кылган,

Алтайда жаткан Шыгай хан

А да жүрдү жол менен,

Санаты санча кол менен. (561-б.)


Эки-Кемин жердеген,

Эгиз кара ат байлаган,

Күрүчүн күздүк айдаган,

Күрмɵгүн берип байлаган,

Кара үңкүрүн үй эткен,

Кулаалы таптап куш кылган, 

Куюкканды журт кылган, 

Телик куш таптап куш кылган,

Тентиген жыйып журт кылган,

Жарды жүрүп байыган,

Жалгыз жүрүп кɵбɵйгɵн,

Эйбиттин уулу эр Үрбү,

Астында Үрбү алкынып,

Астынан сан кол талпынып,

А да жүргɵн жол менен,

Канча калың кол менен. (739-б.)


Кулаалы таптап куш кылган, 

Курама жыйнап журт кылган, 

Жалгыз жүрүп кɵбɵйгɵн,

Жарды жүрүп байыган,

Кум жыйналып, таш болгон,

Куралган журтка баш болгон,

Эйбит кандын эр Үрбү

Артык чечен жан болгон,

Ажыбай менен барсын, - деп,

Жан жолдошу ал болгон. (769-б.)


(Манас керээзинде:)

Ɵзүм касиеттүү жан болдум,

Жер жүзүнɵ кырк эки жыл кан болдум.

Ат семирип ык болдум,

Жалгыз элем кырк болдум,

Кулаалы жыйып куш кылдым, 

Кулдарды жыйып журт кылдым. 

Алтын жыйып таш кылдым,

Ушу турган калыкка

Тентиген журтту баш кылдым.

Калмак болдум башында,

Ɵтмɵк болдум кɵрдүңбү,

Элүү эки жашымда. (960-б). 


Мынакей мекендешим, ɵзүңүз күбɵ болгондой, бизге белгилүү болгон «Кулаалы таптап куш кылдым, Курама жыйып журт кылдым» деген сɵз улуу баяндын ар кайсы жеринде ар башка мааниде кайталанып, түркүн түшүнүк жаратып, бир нече баатырга шилтеме жасалып айтылат экен. Дегеним, Манас баатырга чейин эле ал сɵздү Акбалта Кошойго карата айтса, Кошой ɵзү да аны бир жолу бекемдептир. Андан кийин эки баатырга, Шыгайга, Үрбүгɵ айтылыптыр. Кызыгы, мына ушунча баатырга багытталып, Айкɵл Манас айтканга чейин башка каармандардын оозунан чыккан сɵздү жеке бирɵɵгɵ, тагыраак айтканда, хан Манаска гана ыйгарганыбыз туура болобу? Бул биринчиси. Экинчиси, Манас атабыз «кулаалы таптап.., курама жыйып..,» дебептир. Ал бир гана жолу, керээзинде: «Кулаалы жыйып куш кылдым, Кулдарды жыйып журт кылдым» дептир. Айкɵлдүн айтканы «курама» дегенге салыштырганда ынанымдуу экен. Дегеним, ар кайда учуп жүргɵн кулаалыны жыйнасаң, куш болот. Анткени, аны таптагандан майнап чыкпасын барыбыз билебиз. Ток этерин айтканда, Манас атабыз биз айтып жаткандай кулаалыны таптабай, аны жыйнаптыр. Бул логикага туура келет. 


Ал эми эл чабылып, чачылган кезде туткунга түшүп, кул болуп кеткен кыргызды чогултсаң журт болот. Ошол мезгилде кытайлар кыргызды чаап, бирин Иренге, анан Тереңге, Алтайга жана Каңгайга кууганда, кыргыздын эр азаматтары кул болуп кеткенин тана албайбыз. Бɵтɵн жакка куулуп же колго түшүп, кул болгондор (курамалар эмес) - кыргыздар. Демек, Айкɵл Манас ар кайсы элден курама жыйнабастан, кул болгон кыргызды чогултуп журт кылыптыр. Маселен, бүгүн дагы ар кайда чачылган кыргыздын бир нечеси - кул. Аларды Манастай болгон баатырыбыз жыйнаса журт болот. Албетте, кул деген сɵздү бир жагынан карасак, орой угулушу ыктымал. Бирок, аны жумшартабыз деп, ар кимибиз каалагандай бурмалаганга акыбыз жок да. Негизи, Айкɵл Манастын алтындай болгон сɵздɵрү толуп жатканына карабай, замандаштарыбызды санаага салган, түпɵйүл ойлорго түрткɵн «курама» деген сɵздү ким жабыштырганы жалпыбызга түшүнүксүз. Жок эле дегенде, Манас атабыздын азыркы мезгилдин талабына шайкеш келген «бɵлүнбɵ кыргыз бɵлүнбɵ» деген сɵзүн борбордук аянттагы айкелдин алдына жазып койгондо, элибиздин биригишине, журтубуздун жуурулушуна сɵзсүз ɵбɵлгɵ түзүлмɵк. Эч ким ага нааразы да болмок эмес.


Кадырман калайык, бул айтылгандарды туура же туура эмес деп кабыл алуу ɵзүңүздɵрдүн эркиңиздерде. Менин таңуулаганга, мажбурлаганга акым жок. Болгону, Манас баянында кантип жазылса, ошону дал ɵзүндɵй айтып бергенге аракеттендим. Чечим чыгаруу ɵзүңүздɵрдɵн болсун! Албетте, азыркыдай башаламан заманда, белгисиз күчтɵр кыргызды тымызын талкалап жаткан доордо, буга анчейин кɵңүл бɵлүнбɵй, айтылган боюнча кала бериши мүмкүн. «Курама элбиз» дегенге баш ийип, ɵзɵгүбүздү кууратканга макул болуп, баш кɵтɵрбɵй чɵгɵлɵп жашай беришибиз да ыктымал. Бирок, бир нерсе мени кейитет. «Демократия» деп отуруп, далай асыл нерселерибизди, баалуулуктарыбызды жоготтук. Каада-салт, үрп-адат, адеп-ыйман дегендин далайынан кол жуудук. Эми биз аздектей турган Манастын сɵздɵрүн ар кимибиз ɵзүбүз каалагандай бурмалап, жүргүзгɵн саясатыбызга ылайыктай берсек, биз туу туткан, дүйнɵ жүзүнɵ сыймыктанган Манасыбыз эмне болот!?


Зулпукаар Сапанов

БУлак:Де-Факто



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...