Бардык жаңылыктар

“Каруусун казык кылган” Эл уулу Бакыт Төрөбаев жөнүндө учкай кеп...

Негизи  атка минерлер  экиге бөлүнөт.  Биринчиси, “кудайды  сакалынан тутамдап тургансып” керсейип  карапайым элге үстүртөн ылдый карагандар жана экинчиси эл арасын аралап  эли үчүн “каруусун казык кылып”  бешене  терин төккөндөр. 

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев  мырза  дал ошол экинчи топко кирет. Бакыт Төрөбаев саясатка аралашканга чейин эле бир топ жылдан бери Кыргызстандын баш аягына ар кандай иш чараларга өз чөнтөгүнөн демөөрчүлүк кылган. “Жигиттин  аты чыкпайт, март болбосо” – демекчи не бир миллиардер байкелерибиз  берешендикти  дал ушул Бакыт мырзадан үйрөнсө жаман болбойт эле. Төрөбаев баштаган "Өнүгүү-Прогресс" партиясы парламентке өтүп, Бакыт мырза фракциянын “эки  чылбыр бир тизгинин”  колуна алары менен  эл аралап  элдин  көйгөйү менен жеринде таанышып, боло турган маселени “болот”- деп  шыр чечип бергени менен элдин купулуна толду.  

Бакыт Төрөбаев жетектеген партиянын көзөмөлүндөгү демилгелерди, долбоорлорду жана тапшырмаларды тиешелүү жетекчилер илгиртпей ишке ашыруу жагын  колго алышты. Анткени Төрөбаев берген тапшырмасын ара жолдо таштабай, качан карасаң артынан сая түшкөнү менен жетекчилерди ушул тартипке көндүрдү. Өзү таза адам  эч нерседен коркпойт тура. Башкасын айтпаган күндө да  коррупция менен  күрөшүү боюнча сунуштарды так кесе айтып жатканы, мекен үчүн ак дилинен кызмат кылып жаткандыгынын  белгиси эмей эмне?  

Чарбалык жумушта да  Бакыт  мырза  “ээр үстүндө уктаган”  мээнеткеч адам экенин көргөзө алды. Парламентке келгени ар-бир элге берген убадасын аткаруу менен алек. Айрыкча өлкөбүз аграардык багытка ылайыкташкандыктан айыл-чарбаны өнүктүрүүгө кошуп жаткан салымын улай, Төрөбаеавдин демилгеси менен жер-жерлерде ачылган МТСтерди пайдаланган дыйкандар Бакыт мырзага  алкыштарын жаадырууда. Бакыт Төрөбаевге окшогон мээнеткеч, элим деген инсанды учурунда колдоп өлкөнүн келечеги үчүн пайдаланып алганыбыз абзел...

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...