Бардык жаңылыктар

Министр Кашкар Жунушалиев «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди

Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев «ар-намысыма шек келтирди» деген негизде «Азия-Ньюс» гезитин сотко берди. Буга «аталган гезитте жарык көргөн айрым маалыматтардын чындыкка дал келбегени жана гезит бетиндеги коллаж себеп болгонун» адвокат Динара Аширалиева «Азаттык» радиосуна билдирди.

Ал министрликтеги кадр маселелери боюнча жазылган маалымат да арыз берүүгө негиз болгонун кошумчалады.

Октябрь райондук соту буга байланыштуу ишти бүгүн, 19-июлда карап, макала-сүрөттөр боюнча гезиттин тиешелүү кызматкерлери дагы түшүндүрмө берсин деген негизде кийинки отурумду 1-августка белгиледи. Арыз бир ай мурда берилген. Жунушалиев аталган гезиттен 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүндү.

"Фотоколлаж жана чындыкка жатпаган маалыматты камтыган макалалар боюнча. 5 млн. сомдук доо коюлуп жатат. “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзамы боюнча элге таратылган маалымат үчүн редактордун жоопкерчилиги каралган. Максат 5 млн. сомдо эмес. Журналисттер кесиптик ыйгарым укуктарын аткарып жатканда мыйзамды, этиканы сактап, фактыны текшерип, анан чыгарыш керек. Бул этика жана мыйзамдын талабы", - деди адвокат Динара Ашыралиева.

Гезиттин редактору Аслан Сартбаев менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин ички иштер министринин мурдагы орун басары Данияр Абдыкаров да ушундай эле негизде “Азия-Ньюс” гезитинин сотко берип, кийин кайра доосунан баш тарткан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!