Бардык жаңылыктар

АКШ Ормуз кысыгында Ирандын дронун атып түшүрдү

Америкалык "Боксер" десанттык кемеси Ормуз кысыгында Ирандын учкусуз учуучу аппаратын атып түшүрдү. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп билдиргенин Associated Press агенттиги жазып чыкты.

Трамптын айтымында, учкучсуз учак кемеге жакындап, эскертүү белгилерин кенебей койгон соң атып түшүрүлгөн. АКШ президенти аппараттын тибин атаган жок, бирок ал кеменин экпиажынын коопсуздугуна коркунуч жаратканын айтты. Окуя качан болгону белгисиз.

Иран ТИМ башчысы Мухаммад Жавад Зариф дрондун атып түшүрүлүшү боюнча Тегеранда маалымат жок экенин белгиледи.

Бул арада Иран тышкы иштер министринин орун басары Аббас Аракчи АКШ Ирандыкы деп өзүнүн дронун атып түшүргөн болушу ыктымал экенин айтты. “Ормуз кысыгында эч кандай учкучсуз учагыбызды жоготкон жокпуз. Америкалык Boxer кемеси катачылык менен өзүнүн дронун атып түшүрүп алдыбы деп кооптонуп жатам”, – деди ал.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Ирандын ракеталык программасы жана Жакынкы Чыгыштагы күмөндүү аракеттери эске алынбай калганын жүйө келтирип, Кошмо Штаттар өзөктүк макулдашуудан чыгарын жарыялаган. Ага улай Иранга салынган санкциялар кайра жандандырылып, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда чыңалуу күчөгөн.

АКШ менен Сауд Арабиясы Тегеранды Оман жана Перс булуңдарындагы танкерлерге чабуул жасоого айыптагандан кийин аймакта абал курчуган. 11-июлда Британия ирандык үч кеме Ормуз кысыгынан бараткан мунай танкеринин жолун тороого аракет кылганын билдирген. Иран бул маалыматты четке каккан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!