Бардык жаңылыктар

Теңизбек Абжапаров салык тармагын коррупциялаштырып жибердиби?

Учурда Салык тармагын өкмөт башчы Абулгазиевдин кол баласы катары таанылган, соцфонддун мурдагы жетекчиси Теңизбек Абжапаров тейлеп жатат. Бул жигит Соцфондду башкарып турганда эле «эт эмес же чел эмес ортозаар жетекчи катары жалпыга маалым болгон. Анан Абулгазиев аны «эшегине жараша тушагы» дегендей, өлкөнүн казынасын толтурчу эң орчундуу тармакка алып келди. Кандай максатты көздөсө да, чекилик кадам болгону ошо кезде эле айтылган. Мына учурда Абжапаров салык тармагынын ашмалтайын чыгарып, ар кимди кызматтан алып, тааныштарын кызматка коюу менен гана алек болуп калганы айтылууда. Албетте, кызматка жөн эле адам дайындалбай турганын эске алганда, Абжапаровдун алакан ысыткан ыраазычылыктардан башы тегеренип жатса керек. Анан салык кызматкери пара алганга аргасыз болот. Мындан тышкары Теңизбек Абжапаров кадр саясатынын ашмалтайын чыгарып гана тим болбостон, салык жыйноодо дагы очойгон алешемдиктерге жол берип жатканы кандай? Же чогулган жашылбайлар сол чөнтөккө солонуп кетип жатабы?

Эске салсак, быйылкы жылдын алгачкы кварталында салыктын көлөмү акыркы 6 жылга салыштырмалуу өтө аз, же 1,1 млрд. сомго аз жыйналып, экономикалык серепчилер бул өкмөттүн ишеним индексин кыйла түшүрөөрүн айтып чыгышты. Кыскасы, өз ишин эптей албаган Теңизбек Абжапаровго 2019-жылдын бюджетинде бекитилген милдеттемелерди аткарбагандыгы үчүн чара көрбөсө абал чатак. Сыягы, Теңизбек мырза келгенине бир жылдан бир аз убакыт өтө электе эле, Салык тармагын коррупциялаштырып жиберген окшойт...

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

1 комментарий
Чындык
Акча алып кызматка коюп атканын баары билет бирок айта албайт. Жаны кызматка дайындалгандан кийин эле сразу жакшы иштеп аткан эле кадрларды каалагандай алмаштырып, озунун досторун, туугандарын коюп, начальниктерди иштен алып, ордуна акча алып бироолорду коюп, мамлекеттмк кызматты сатып жаткандыгын баарыбыз угуп эое келатабыз. Конкурска катышып, жогорку бааларды алсан деле, статс секретарь Карагул уулу Жакып откорбойт. Оздорунун адамы балл ала албай калса, конкурсту кайра дайындап, ошол адамын откормойунчо конкурс уюштура берет. Ишенбесениздер жашыруун сурамжылоо уюштуруп коргуло
Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!