Бардык жаңылыктар

Түркмөн дипломаттары Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнүн төгүндөшүүдө

Түркмөнстан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги Түркмөнстандын Орусиядагы элчилигине шилтеме берүү менен маалымдады.
«Бул карандай калп. Биз бул маалыматты четке кагабыз», деп билдирген элчиликтин өкүлү.
62 жаштагы түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухамедовдун өлгөнү тууралуу маалыматты алгач орусиялык басылмалар жазып чыгышты. “Эркин Европа” радиосунун түркмөн кызматы да анын көз жумганы тууралуу кабар алды, бирок тастыктоого мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчилиги да Бердымухамедовдун өлгөнүн төгүндөдү.
Гурбангулы Бердымухамедов 2006-жылы Сапармурад Ниязов өлгөн соң бийликке келген. Өлкөдө диктатура орногон, Бердымухамедовдун жеке башына сыйынуу күчөгөн. Анын “Аркадаг” башкача айтканда коргоочу деген титулу бар.
Июнда ал 62 жашка толгон. Бул сапар майрам мурдагыдан өзгөчөлөнгөн. Имам жана министрлер Бердымухамедовдун ден соолугу үчүн дуба кылышкан. Акыркы айларда ал өтө ооруп жатканы тууралуу кабар тараган.
Бердымухамедов мураскору катары 37 жаштагы уулу Сердар Бердымухамедовду таптай баштаган. Өткөн айда ал Ахал облусунун акими болуп дайындалган.

21-июлда «Түркмөнстан хроникасы» басылмасы преиденттин апасы Огулабат Бердымухамедованын илдети күчөп, он күндөн бери Германияда дарыланып жатканын кабарлады.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады