Бардык жаңылыктар

Борис Жонсон Улуу Британия өкмөтүн жетектейт

Улуу Британия өкмөтүн Консерваторлор партиясынын  депутаты жана мурдагы тышкы иштер министр Борис Жонсон жетектейт. Жаңы премьер-министр кызматка 24-июлдан тарта киришет.

Жонсон 23-июлдагы консерваторлордун шайлоосунда 90 миңден ашуун партия мүчөсүнүн добушун алды. Анын жападан жалгыз атаандашы, Британиянын азыркы тышкы иштер министри Жереми Хантты 40 миңден ашуун киши колдоду.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары жарыялангандан кийин партия лидери Борис Жонсон азыркы өкмөт башчы Тереза Мэйге аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирди.

"Биз Брекзитти өткөрүп, кайрадан өзүбүзгө ишенебиз! Биз өлкөбүздү бириктиребиз!" – деди Борис Жонсон.

Борис Жонсон Улуу Британиянын Евробиримдиктен чыгышын кубаттайт.

Буга чейинки Британиянын премьер-министри Тереза Мэй парламентте "Брекзит" келишимине байланыштуу бир канча жолу колдоо таба албай, ушул жылдын июнь айында кызматтан расмий кеткен, бирок кийинкиси келгенге чейин өзүнө тагылган милдетти аткарып турган.

Британия Европа Биримдигинен чыгуу үчүн мындан үч жыл мурун "Брекзит" жараянын баштаган, бирок бүгүнкү күнгө чейин Брюссель менен орток пикир таппай келет.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Сентябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады