Бардык жаңылыктар

Президентке Кайрылуу: Улуттук Госпиталга тартип жана адилеттүүлүк керек!

Улуттук Госпиталга тартип жана адилеттүүлүк керек


Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековго Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургия бөлүмүнүн бɵлүм башчысы Иманбаева Салтанаттан


Ачык кат 

--Урматтуу Президентибиз Сооронбай Шарипович! Мен, Иманбаева Салтанат Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын №1 Көз микрохирургиясынын бɵлүм башчысы сизге ачык кат аркылуу кайрылууга аргасыз болдум. Сизди конституциянын гаранты жана коррупция менен күрɵшүүдɵ чечкиндүү кадамдарга барат деген илгери үмүт менен мени каралап жаткан врачтардын тобуна каршы чара кɵрүүңүздүɵтүнɵм. Мага жалаа жаап, жок жерден каралап жатышкан Улуттук Госпиталдын №1Кɵз микрохирургиясынын врачтары ɵз милдеттерин, мыйзам алдындагы жоопкерчиликтерин так билишпейт. Бүгүнкү күндɵ профессионалдык милдеттерин аткаруунун ордуна жумушуна шалаакы мамиле жасап жетекчисинин абийирине негизсиз доо кетиришүүдɵ. Коррупциянын алдын алуу максатында ар бир иш аракеттерине товардык чек талап кылган күнү алар мага каршы аракеттерин баштап, арыз жазышат, митингге чыгышат. Анткени мен алардын киреше булагын «бууп» жатам. 

Баары мен больничныйда жүргɵндɵ башталган. 2018-жылдын акырында врач Л.И. Бушуеванын айынан Р. Умуралиева аттуу бейтап операциядан кийин абалы оорлоп, каза болуп калган. Бул түздөн-түз врач Бушуеванын күнөөсү болгон.Адам өлүмүнө алып келген мындай шалаакылык иши үчүн башкы врач Д.Сагинбаева аны өз эрки менен жумуштан бошоп кетүүсүнө шарт түзүп, жок дегенде сөгүш жарыялап койгонго жараган эмес. Арадан 2 жума ɵтпɵй Кадыралиева бейтапты жасалма аныктамалар (липовая справка) аркылуу операция кылгысы келген. Мен текшерген учурда бейтап 8 жаштагы кызжана анын организми оор наркозго, операцияга даяр эместиги анык болгон. Буга карабай Кадыралиева операция жасаганга шашкан. Мен бул иш менен таанышып, кокустуктун алдын алып, ошол кездеги жетекчи Сагинбаевага кайрылгам. Операциянын жыйынтыгы леталдык абалга кептелмек. Алдын алып, операцияны токтотуп калганын аларга жаккан жок. Мындан тышкары акыркы 2-3жылдар аралыгында 3 ɵспүрүмгɵ ийгиликсиз операция жасап, наркоз салуу менен экинчи ирет операция кылышкан. Анан да буга чейинНайманбаева аттуу врачтын колунан дагы бир 75 жаштагы бейтап запкы жеген. Анын ооруулуу кɵзүнүн ордуна соо кɵзүнɵ операция жасап, аны инвалидге айландырышты. Жакшына кɵрүп жаткан аксакал кɵрүү мүмкүнчүлүгүнɵн ажыраган. Бул кылмыш да. 

Улуттук госпиталда чоң чуу жараткан дагы бир окуя Б.Шаршеева аттуу врачыбыз жаш кыздын бир көзүнө туура эмес операция жасап, бир көзүн агызып салган. Кийин кыздын алдынан өтүп, тыйынын берип атып ал ишти жапкан.Ал эми Кенджаева жасаган операция ийгиликсиз болуп, бейтап 1 жыл бою дарыланган. Бирок кɵзү кɵрбɵй калгандыктан соттошууга чейин барышкан. Эксперттердин корутундусуна врачтын күнɵɵсү жок деп табышып ишти жапкан. Себеби ошол кезде Сагинбаева аларды коруп турчу. Бирок бейтаптын кɵзү кɵрбɵй калганын жашыра алышпайт да. Улуттук госпиталда Мамазияева аттуу врач иштейт. Өзү профпатология бөлүмүндө иштегенине карабастан Сагинбаеванын көрсөтмөсү менен Көз хирургиясы бөлүмүндө да иштеп калган. Ал бейтаптардын ооруу тарыхын түзбөстөн, анализдерин албастан оорулууларды палатага жайгаштырып, аларга ички веналык иньекцияларды дайындаган. Адам өмүрүнө жасалган мындай шалаакылыгы үчүн башкы врач Сагинбаева ага болгону сөгүш эле берип койгон.Мындайча айтканда, элементардык милдеттерин так аткара албаган врачтардын ыйык кесипти аркалоосуна негиз да, моралдык укугу дагы жок. Булар дарт тарыхын (история болезни) толтурганды, аныктаманы так койгонду, документация иштерин жүргүзүүнү, жабдууларда иштɵɵнү так билишпейт. Талап кылган мендей жетекчилер мындайларга жакпасы бышык. Кезинде мени мыйзамсыз жумуштан алышты, мен мыйзамдын негизинде кайра жумуш ордума кайтып келдим. 33 жылдык тажрыйбам бар, дасыккан врач катары 20 жылга жакын Улуттук госпиталдын №1 көздүн микрохирургия бөлүмүн жетектеп, бул аралыкта 54 миң бейтапты дарылап, анын 7 миңден ашуунуна операция жасагам. Менин демилгем жана тынымсыз аракетимдин негизинде 70 жылдын ичинде биринчи жолу №1 Көз хирургия бөлүмү толук капиталдык ремонттон өтүп, терезелери, сантехникасы, суу жана жылуулук берүү системалары толугу менен жаңыртылып, 600 миң сомдон ашык суммага эмеректер сатып алынып, 70 бейтаптык койкалар, жумшак жана катуу инвентарлар орнотулган. Бир канча долбоорлорду жазып Швейцариялык Кызыл Крест менин долбоорума 500 миңге жакын АКШ долларын бɵлдүртүп берди. Аны менен кошо жаңы жабдуулар, эң акыркы моделдеги кɵз үчүн 2 микроскоп, диагноз коюучу жабдуулар келди. Врачтар эс алуучу бɵлмɵлɵр заманбап стилде ыңгайлуу болуп жасалды. Мунун баарын мамлекеттен бир тыйын сурабай ɵз эмгегимдин эсебинен жасаткам. Ош шаарында, Бишкекте илимий конференцияларды байма-бай ɵткɵрүп келем. Муну баары билет. Мага каршы чыгып жаткандардын эмне жумуш жасаганына карасак эчтеке жок. Мен түзүп берген шарттарда, жылуу-жумшак орундуктарда отуруп алып каралоо менен убара. Иштегендин ордуна. Менин колдоом менен чет ɵлкɵдɵ окуп келишти. Бирок бир доклад жасашкан жок. Арызчылардын башында турган Кадыралиева 18 жыл бою менин орун басарым болуп жүрдү. 2 ирет менин ɵтүнүчүм менен Бишкек шаарынын мыкты офтальмологу болгон. Анан бейтаптын ɵлүмүнɵн соң жоопкерчиликтен качуу максатында мага каршы тарапка ɵттү. Буга чейин менин үстүмɵн прокуратурага, финполицияга арызданган, бирок факт аныкталган жок. Жакында да финполицияга арызданды, бирок Улуттук Госпиталдын бухгалтериясы эч кандай мыйзамдан тыш факт таппады. Демек Кадыралиеванын аракети ушак, жалаа жабуу болуп эсептелет. Ошондуктан урматтуу Президент жумушума тоскоолдук кылган, негизсиз каралап жаткан врачтардын бир ууч тобуна чечкиндүү чара кɵрүүңүздүжана Улуттук Госпиталда тартипти орнотууңузду ɵтүнɵм. Учурда Улуттук госпиталдын директорунун милдетин аткаруучу Уметалиев Т.М мурунку система менен иштеп жатат. Мен жазган рапортторго маани бербей, мага каршы жазгандарга дароо реакция кылат. Анткени ал Сагинбаеванын кадры. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев дагы Улуттук госпиталда болуп жаткан анархияга чек коюп, кɵзɵмɵл кылса деп кайрылам. Президенттик администрация тарабынан чечкиндүү кадамдар болооруна ишенем жана үмүт этем.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, КР Саламаттыкты сактоонун отличниги, Улуттук Госпиталдын №1 Кɵз микрохирургия бɵлүмүнүн бɵлүм башчысы Иманбаева Салтанат Сулаймановна

26-июль, 2019-жыл


Акыйкаттык аралында

Улуттук госпиталда тайраңдагысы келген «тажрыйбасыз» врачтар же акыйкаттык тууганыңа да жакпай аткан заман

Мына бир топ убакыттан бери коомчулуктун тынчын алган Улуттук госпиталдын врачтары тынч жатпай бирде пикет уюштурса, бирде президентке кат жазып, бɵлүм башчысынын ишине тоскоолдук жаратып келет. Мындай нааразычылыктын түбү эмне болушу мүмкүн деген суроо жаралат? Муну изилдеп кɵрдүк.

Кɵрсɵ, Улуттук госпиталдын бɵлүм башчысы Салтанат Иманбаевага каршы утуру жасалып жаткан иш аракеттердин түпкү максаты бɵлүмдɵ кайрадан коррупцияга жол берүү жана ɵзүм билемдик менен ɵз пайдаларына, башкача айтканда жеке клиникалардай ɵйдɵ баада бейтаптарга кызмат кɵрсɵтүү менен капчыктарын кампайтуу экен. Алардын акыркы аракетинин бири ɵз жетекчисин «подстава» кылуу максатында бейтапты ага каршы арыз жазууга кɵндүрүшкɵн. Негизинде бейтапка врач Салтанат Иманбаева тарабынан кɵзүнɵ операция ийгиликтүү жасалып, ал тургай жакшы кɵрɵ баштаган бейтаптын кубанычында чек жок болгон. Бирок операцияга жана кɵзгɵ коюлган хрусталике кеткен чыгымды бейтап тарап кийинчерээк тɵлɵɵгɵмакул болушкан. Ошол акыны тɵлɵп берген бейтап кийин Иманбаеваны пара алды деп чыгат. Бирок Салтанат Иманбаева пара эмес, жасаган операциясынын жана ага кеткен каражаттардын акысын гана алган. Анын колунда чыгымдарга тиешелүү товардык белги(чек) болгон жана ал укук коргоо кызматкерлерине кɵрсɵтүү менен тастыктаган. Кол астындагы врачтардын бул аракетинен майнап чыкпай учурда беттерин «бетон» кылып, ар кайсы жакта кыйкырымыш этип жүрүшɵт. 

Ушул аракеттен соң Иманбаева кол астындагы врачтарга ар бир сатып алынган керектүү дары-дармек жана кызмат кɵрсɵтүүүчүн чек талап кылууга ɵтɵт. Анткени учур ошону талап кылууда. Мындай аракет аларга кɵп жага бербей, «шабашка» жасаганга аларда мүмкүнчүлүк болбой калды. Себеби бɵлүм башчы Иманбаева чек аркылуу алардын иш аракеттерин кɵзɵмɵлдɵп турат. Алардын оюнда бааларды жогорулатып, жада калса Улуттук Госпитал экенине карабай жеке клиникалардын баасы менен бирдей кызмат кɵрсɵткүлɵрү бар. Түшкɵн пайда албетте сол чɵнтɵккɵ солонот. Мындай адаттарын Улуттук Госпиталдын мурунку жетекчиси Сагинбаеванын доорунда жасап кɵнүп калышкан. Ал тургай Иманбаева кɵзгɵ сая кɵрсɵтүп, бир нече ирет врачтардын үстүнɵн факт менен арызданган учурда дагы Сагинбаева бир үн каткан эмес. Тескерисинче аларды калкалап келген. Ал тургай ар бир врачка Иманбаеванын ар бир кадамын мага айтып тургула деген тапшырманы коет. Муну башка бɵлүмдүн врачтары тастыктай алат. Ушундай анархияга кɵнгɵн врачтар кайра ɵткɵн күндɵрүн самап атышканы ошондон. Иманбаева ɵз кезегинде башынан эле талапты, жоопкерчиликти биринчи орунга койгон тажрыйбалуу врачтардан экени шексиз. Анын колунан чыккан бир дагы бейтап нааразы болгон эмес, тескерисинче баары ыраазылычыгын, рахматын бүгүнкү күнгɵ чейин айтып келишет. 

«Менин ишмердүүлүгүмɵ каршы болуп жаткан врачтардын ар биринин артында одоно каталары бар, жумуштарын так аткара алышпайт. Операция учурунда оруулуу кɵздүн ордуна соо кɵзгɵ операция жасап, 80-90% кɵрүп жаткан кɵздү 10% га чейин кɵрүүсүн түшүргɵндүгү шалаакылык эмей эмне? Бири жасалма справкалардын негизинде операция жасагысы келип, бейтаптын ɵмүрүнɵ коркунуч жаратса, бири ɵз жумушуна жоопкерчиликсиз мамиле кылгандан бейтап о дүйнɵгɵ узап кете берген. Айрымдары болсо жумуштан «больничный» алып, ɵзү жеке менчик клиникалардын биринде иштеп, эки тараптан тең айлык алып турган. Ушундай катачылыктарды жетекчи катары чукуп чыгып, кɵздɵрүнɵ сая кɵрсɵткɵнүм аларга жакпай келет. Окуп, каталарынын үстүнɵн иштɵɵнүн ордуна булар митинг менен, мени ушактоо менен убара» - дейт Салтанат Иманбаева.


Ким Леонид Тайденович, бейтап: «Найманбаеванын айынан соо кɵзүм кɵрбɵй калды»

--Леонид Тайденович, сиз Улуттук Госпиталда кɵзүңүзгɵ операция жасаттыңыз беле жана операция кандай болду?

--Менин жашым 75те, поликлиникадан каттоом боюнча Улуттук Госпиталга келгем. Оң кɵзүм оруулуу болгондуктан, операция жасатмакмын. Ушул жылдын январында Улуттук Госпиталдын кɵз врачы Найманбаева Анара Садыковнага туш келдим. Анын атын ɵмүр бою эстеп калам го. Операцияга киргизишти, наркоз сайышты. Операциядан кийин менин соо болгон 90% жакшы кɵргɵн сол кɵзүмɵ Найманбаева операция кылыптыр. Натыйжасында кɵрбɵй калдым. Оң кɵзүмдүн кɵрүүсү 10% болчу. Арыз менен баш врачка кайрылдым. Найманбаеванын ɵзүнɵ «кантип ушундай болсун» десем башында күнɵɵсүн мойнуна албай, «ушундай болот негизи» деп так секирип аткан. Кийин оруунун тарыхы менен кайра таанышканбы, мени сооротуунун жолун издеп жүрдү. Учурда 1-Май ШИИБнин тергɵɵчүсү тарабынан иш тергелип жатат, буюрса сотко чейин барат. Мен акырына чейин соттошом. Найманбаеванын тажрыйбасыздыгынан соо кɵзүм да кɵрбɵй калды. Аны ɵлтүргɵнгɵ же муштаганга акым жок, мен андан кеткен каражаттарды жана моралдык чыгым тɵлɵп берүүсүн сотто талап кылам. Менин арызымдан кийин Улуттук Госпиталдын врачы Сулайманова. С. оруулуу болгон оң кɵзүмɵ операция жасап берди. Кудайга шүгүр, азыр ошол кɵзүм менен кɵрүп тиричилигимди кылып атам. Ал врачка сɵз жок, мыкты. Ал эми Найманбаева мыйзам алдында жооп бериши керек. Угушумча мындан 5-6 жыл мурун дагы так ушул Найманбаева бир бейтаптын соо кɵзүнɵ укол сайып, кɵрүү мүмкүнчүлүгүнɵн ажыраткан экен. Ошондо алардан качып Америкада жүрүп, баары унутулган соң кайра келип, ɵз ишин улантып жатыптыр. Мен Саламаттыкты Сактоо министрлигине чейин кайрылгам. Ал жакта Анара Ешходжаева деген айым менин катымды караган, бирок бир жылыш болгон жок. Кийин билсем, Ешходжаева менен Найманбаева ынак курбулардан экен, группалаш. Найманбаеваны калкалап жатат бүгүнкү күнгɵ чейин. Мындай врач деген улуу атка татыксыз адамдардын иштегенге моралдык укугу жок деп ойлойм. Силер кайдан байланышып жатам дедиңер?

Кабарчы: --Мен Де-Факто гезитинен байланышып жатам, журналист болом.

Л.Т:--Мен ойлоп жатпаймынбы дагы тиги Найманбаевадан чыгып жатышат го деп. 

К:--Буга чейин сизге кайрылышты беле?

Л.Т:--Ооба далай жолу ар кандай адамдар кайрылышты. Бүгүнкү күнгɵ чейин арызыңды кайра артка ал, сүйлɵшɵлү дегендер бар. Ал кишинин ишине тоскоол болбо дешет. Бирок мен акырына чейин барам. 



Азиз Абдылдаев, операцияга даярдалган Сайкал Зарлыкованын тууганы: «Анализдери начар чыкса дагы операцияга уруксат беришиптир»

--Сайкалдын кɵзү ооруп Улуттук госпиталдын кɵз бɵлүмүнɵ кайрылганбыз. Аны текшерип кɵрүп, Кадыралиева деген врач операция кылса болот деген. Биз даярданып калдык. Кийин бɵлүм башчысы анализдерди караганда кызымдын гайморит менен ооруп жатканын аныктаган. Кɵрсɵ гайморит учурунда операция кылууга тыюу салынат экен. Ошондо кокус операция жасатсак арты жаман болмоктугун түшүндүрүп берди башкы врач. Бɵлүм башчынын байкап калганынан улам операция жылдырылган. Кɵрсɵ берки врачтар эптеп эле операция кылып, акча алса болду экен. Кийин башка жактан операция жасаттык, бирок врач Салтанат Сулаймановна айткандай эч кандай жыйынтык болгон жок. Учурда кыз гайморити кармап ооруп жатат. Буюрса толугу менен сакайса Иманбаевага кайрылабыз деп турабыз. 


Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады