Бардык жаңылыктар

"Узбекконцерт" рэперлерди көзөмөлгө алат

"Узбекконцерт" ишканасынын директору Одил Абдукахоров жергиликтүү журналисттерге берген интервьюсунда өлкөдө рэптин андан ары өнүгүшүнө кам көрөрүн билдирди:

– Рэпке канчалык тыюу салсак, ал ошончолук популярдуу болуп баратат. Тыюу салынган нерсе дайыма кызыктуу. Биз аларга убагында көңүл бөлбөй, тарбиялабаганыбыз үчүн рэперлер сөгүнүп ырдап, өздөрүн туура эмес алып жүрө башташты. Эми биз рэперлер менен кызматташууну чечтик. Рэпти көзөмөлгө алдык деп айтсак да болот. Эми биздин максат – рэперлерге улуттук салт-санаа жана маданиятыбыз тууралуу ырдоо керектигин түшүндүрүү.

Февралда "Узбекконцерттин" директору ырчыларды мамлекет башчыны мактап ырдоодон оолак болууга чакырган. 2017-жылдан бери "Узбекконцерт" тарабынан колдоого алынбаган ырларды эл алдында ырдоого, социалдык түйүндөргө жайгаштырууга тыюу салынган. Мамлекеттик лицензия албаган ырчылар концерт бере албайт, ТВ жана радиодон чыгышпайт. Өзбек бийлиги бул чаралар өзбек шоу-бизнесинин сапатын жогорулатууга багытталган деп эсептейт.

2018-жылы ноябрда "Узбекконцерт" ырчы Шахло Ахмедованын ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Анын “Жайкы жамгыр” аттуу ырга тартылган видеоклибинде кыз менен жигиттин мамилелери өтө ачык көрсөтүлгөнү, улуттук менталитетке туура келбегени айтылган.

2017-жылы июнда өзбек бийлиги расмий түрдө чет элдик, башкача айтканда орус, араб, түрк жана иран ырларын өзбек тилинде кайра ырдап чыгууга тыюу салган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Апрель 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
2627282930 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады