Бардык жаңылыктар

Керектөөчү гана болбой, сактоочу да бололу!

Өнүккөн өлкөлөр ондогон жылдар мурда эле жашыл экономикага өтө баштаган. Кыргызстан да 2012-жылы БУУнун Туруктуу өнүгүү боюнча жыйынында жашыл экономиканы өнүктүрүү менен экономикалык өсүшкө бет алаарын билдирген.
Арадан жети жыл өттү, бул багытта кандай иштер аткарылды? Биринчиден, дүйнөдөгү жашыл экономиканын өнүгүшүнө колдоо көрсөтө турган бардык эл аралык уюмдар, донорлор (PAGE, жашыл өсүмдүн Глобалдык институту ж.б.) эки тараптуу мамиле түзүлдү; бир катар министрликтер жана мамлекеттик мекемелер бул ишке тартылды; жергиликтүү ассоциациялар, жеке уюмдар, коммерциялык банктар (ЖИА, ВИЭ, Банктар союзу, туруктуу өнүгүү боюнча микрофинансылык уюмдардын Альянс ассоциациясы, КР УБ, СИИ (НИСИ), Климаттык финансылоо боюнча борбор, коммерциялык банктар) менен иштешүү да жолго коюлду. Мындан тышкары, өнүктүрүү боюнча иш алып барышкан эл аралык өнөктөштөр (ГИЦ, ОЭСР, ОБСЕ, АБР, ЕБРР ж.б.), түрдүү тармактардагы эксперттер Кыргызстандын жашыл экономикасын өнүктүрүүгө тартылып жатат.

Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында жашыл экономиканы өнүктүрүү маселелери камтылган. Ошондой эле өлкөнүн жашыл экономикасы боюнча концепциясы иштелип чыгып, ал Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. PAGE менен кызматташуунун аркасында жашыл экономика боюнча обзордук отчет даярдалып, анда приоритеттүү багыттар аныкталган. Мындан тышкары 2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын жашыл экономикасынын өнүгүшү боюнча программасы иштелип чыкты. Программа КР Өкмөтүнүн кабыл алуусунун алдында турат.

Бул программанын маңызына үңүлсөк, негизги жети багытты көрө алабыз: Жашыл энергетика, Жашыл айыл чарбасы, Жашыл өнөр жайы, төмөнкү углероддуу жана экологиялык таза транспорт, Туруктуу туризм, Турмуш-тиричилик таштандыларын башкара билүү жана Жашыл шаарлар боюнча терең анализдер жасалып, аларга өтүү жолдору сунуш кылынган. Аталган жети тармак боюнча мамлекеттик мекемелердин иш пландарынын аткарыла турган мөөнөттөрү көрсөтүлүп, аткарылган иштердин кандай натыйжаларды берери даана аныкталган. Программа кабыл алынса, бул багытта чоң кадам жасалган болор эле.

Жашыл экономикага өтүү боюнча жооптуу миссиянын башында КР Экономика министрлиги тургандыктан, бул багыттагы иштердин бардыгын координациялап келет. Бир нече жылдан бери жашыл экономика боюнча жылыга форум өткөрүлүп келсе, былтыркы жылдан тарта жашыл экономика жумалыгы өтүп жатат. Жашыл экономика жумалыгы 2018-жылы 15-21-октябрда өтсө, быйылкы жылы 11-17-ноябрь күндөрү өткөрүү пландалууда. 2019-жылдын 11-ноябрында баштала турган жашыл экономика жумалыгы “Жашыл экономика – күчтүү аймактар – өлкөнүн туруктуу өнүгүшү” чакырыгы алдында өтмөкчү.

Жөнөкөй айтканда, буга чейин жаратылышка оңбогондой зыян келтирүү менен иштеп келген экономиканын бардык тармактарын, өнөр жайды жаратылышка зыян келтирбей өнүгө турган жолго буруу иштери башталды. Бир чети жашыл революция деп койсок ашыкча болбос. Себеби буга чейинки өнүгүү иштеринин, эми башкача жол менен өнүгө турган жашыл экономикалык иштердин башында адам турат. Андыктан адамдарга жашыл экономика тууралуу кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, буга чейин жасап келген иштерин кандайча жашыл экономика жолуна салса болоорун, андан кандай пайда табаары тууралуу моделдерди сунуш кылуу максатка ылайык.
Мисалы, энергияны үнөмдүү пайдалана турган үйлөрдү куруу, химиялык жер семирткичтер колдонулбаган органикалык жер-жемиш, жашылчаларды өстүрүү менен андан көбүрөөк пайда көрүү, Кыргызстандын кайталангыс кооз жаратылышын көрсөтүү менен гана экологиялык туризмди өнүктүрүүнү жайылтсак болот. Айтмакчы, мындай мыкты иштерди небак колго алып, аны өнүктүрүүдөн пайда таап жаткан мекендештерибиз да бир топ.

Кыскасы, жашыл экономика түшүнүгүнүн түпкүрүндө: адамзат канча кылымдардан бери керектөөчү гана болуп, жаратылышка аеосуз мамиле кылып келди. Эми керектөөчүлүктөн сактоочулукка өтүү зарылдыгы чыкты.
Себеби табигый ресурстардын да түгөнө турган чеги бар экендиги көрүнүп, мезгил-мезгили менен жаратылыш балансынын бузулгандыгынан улам ар кандай катаклизмдерди адамзат азыркы тапта башынан кечирип жатат. Демек, башка жол менен алдыга жылуу, так айтканда жашыл экономиканы өнүктүрүү менен гана адамзат өзүнүн жер планетасындагы жашоосун уланта алаары айдан ачык көрүнүп калды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады