Бардык жаңылыктар

Рейдерликке жол жок! Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу!

Рейдерликке жол жок! 

Президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу!

“Акнет” жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрүнүн биринин адвокаты Рустам Абдурауфов, “Акипресс” маалымат агенттиги аркылуу, президент Сооронбай Жээнбековго жазган кайрылуусунда КРнын Өкмөтүнө караштуу экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын коррупциялык аракеттерин жана УКМКнын кызматкеринин мыйзамсыз иш-аракеттерин жарыялады. Бул туурасында “Акнет” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бирөөсүнүн адвокаты Руслан Абдурауфов АКИпресс маалымат булагына билдирди. Анын сөзү боюнча, 2018-жылдын 19-ноябрында Бишкек шаардык экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Кылмыш кодексинин (1997-жылдын 1-октябрында колдонууга берилген) 221 беренесинин 1 бөлүгү боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы” үчүн “Акнет” ЖЧКсынын президенти Кубан Ажимудиновго   кылмыш ишин козгоо үчүн токтом чыгарган. 

“Бул кылмыш иши 2018-жылдын 17-ноябрында “Акнет” ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Руслан Абдумажитов жогоруда көрсөтүлгөн кызматка арызданган күнү эле козголгон. Иликтөө учурунда Кубан Ажимудиновдун үйүнөн ок-дарынын 157 патрондору табылган. Бул кылмыш фактысы  Финполициянын тергөөчүсүнүн иш-аракеттерине тоскоолдуктарды жаратып, бир нече жолу катталды. Ушул иштин жагдайы кандай болгондугу, финполиция жетекчилиги эмне деген бүтүмгө келгендиги туурасында ушул мезгилге чейин ачык жооп жок болуп келген.  Жакында эле ал кылмыш иштин токтотулгандыгы маалым болду. Бул туурасында Руслан Абдумажитов эч кимге эч нерсе билдерген эмес, карама-каршы тараптарды беттештирип, билдирүүлөр жөнөтүлгөн эмес,” дейт адвокат Руслан Абдурауфов.

Адвокаттын сөзү боюнча, тергөө учурунда финполиция бир нече жолу “Акнет” ЖЧКсы мамлекетке салык төлөө керек экендигин билдиришип турушкан.   Ошонну менен бирге эле Кубан Ажимудинов дагы компаниянын эсеп бөлүмү ар качан таза-так иш жүргүзүп келе жаткандыгын, рейдерлик жол менен компанияны тартып алууга аракеттер жасалып жаткандыгын айтып келген. Салык төлөмдөрү толук төлөнбөй келгендиги туурасындагы фактылар Кубан Ажимудиновдун эл алдындагы, ММКларга айткан билдирүүлөрүнүн калп экендигин тастыктайт. “Элди алдап көнүп калган эргул дагы деле алдоо жолу менен алек болот”-деп эсептейт Р. Абдумажитовдун коргоочусу.

“Кыргызстандын Аскердик прокуратурасы УКМКнын кызматкери Болот Абдыралиевдин жана ишкер Кубан Ажимудиновдун аракеттерине байланышкан иштерди карап жатканын айта кетүү маанилүү. Алар кызмат абалдарынан кыянаттык менен пайдаланышып, 20 млн. АКШ долларына бааланган “Акнет” ЖЧКсындагы Руслан Абдумажитовдун үлүшүнө опузалоо жолу менен ээ болууну максат кылышууда,”-деп билдирди Р. Абдурауфов.Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери сот органдары аркылуу Руслана Абдумажитовду КРнын жарандыгынан ажыратуу үчүн аракет жасашса дагы майнап чыкпай келгендигин адвокат айтып өттү. “Ары-бери кетип жатышып, жыл башында Руслан мырза КРнын жараны катары сакталып калды. КРдагы жарандардын компотенциясынын белгилери МККга деле баары бир өңдүү. Биздин пикирибизде бул иш УКМКнын кызматкерлеринин, УКМК тергөө башкармалыгынын тергөөчүсү А. Апсатаровдун тапшыруусу менен ушундай болду. Анткени ал Русландын мыйзамсыз жарандуулугуна байланышкан материалдарды иликтеп, кылмыш козгоо үчүн негиз таппай, ишти МККга өткөрүп берген. Тергөө учурунда А. Апсатаров Русланды ата-энеси, бардык жакындары менен чакырып алып, жарандуулуктун мыйзамдарын талкуулап турган. Ал эми опер кызматкерлери болсо Русланга кысым көрсөтүшүп, “Акнет” ЖЧКсындагы үлүшүн талап кылышкан”-дейт адвокат.Юрист Рустам Абдурауфов дагы бир учурду белгилеп кетти. “Бул иште Башкы жана шаардык прокуратуранын кызматкерлеринин аракеттери дагы маанилүү болду. Алардан чындык таппаган Руслан Абдумажитов КР ИИМнин Тергөө кызматына кайрадан арыз жазып, чындык, акыйкаттык издеп келет .

“Мындан тышкары, тергөө иштерине жабырлануучу катышкан жок. Банктык эсептен 15-18 млн. АКШ доллары алынгандан кийин тергөөчүлөр “Акнет” ЖЧКсынын эсебин кайрадан ачышат. Бул акчалардын алынып жатканы дагы чоң сыр бойдон сакталууда. Прокуратура, коопсуздук комитеттери дагы бир нече жолу сурансак дагы ал каражаттардын кайда кетип жаткандыгына кызыгышкан жок. Ошондуктан Президентке кайрылдым.”-дейт коргоочу. “Балким, ”Акнетке” байланышкан иштерди Сизге туура эмес жеткирип жаткан чыгар. Ушул ишке кайрадан көңүл буруп, туура чечим чыгарып, кылмыштары аныкталган Кубан Ажимудиновдун мыйзамсыз аракеттерин жокко чыгарып, чекит кое турган укук органдарына тапшырма берүуңүздү өтүнөм”-дейт адвокат кайрылуусунда. 



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады