Бардык жаңылыктар

ЭКСКЛЮЗИВ МАЕК - Камчыбек Ташиев, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери: “Москвада Өмүрбек Бабановго жолугуп, саясатты талкуулаганым чын...”

Кыргызстандагы соңку коомдук-саясий кырдаал, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы ажонун чатагынын курчушу, кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай, ошондой эле Москвага эмнеге барып келгени боюнча кыргыз элинин көрүнүктүү уулдарынын бири, “Ата-Журт” саясий партиясынын лидери Камчыбек Ташиевди кепке тарттык.

“Тажикстанга коридор бериле турган болсо, анда бул өтө чатак маселе!” 

- Камчыбек Кыдыршаевич, өткөн жумадагы басма сөз жыйынында Сиз бийликтен кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин кол коюлган протоколду ачыкка чыгаруусун талап кылдыңыз эле. Буга Ак үй тараптан кандай реакция болду? 
Протоколду кеңири коомчулукка көрсөтүшө элек, балким, Сизди тааныштырган чыгаар? 

- Биз бул маселеге коомчулуктун көңүлүн буруу менен, кандайдыр бир деңгээлде өз максатыбызга жеттик. Себеби, бул маселенин өтө олуттуу экенин бүгүнкү күндө Кыргызстандын ар бир жараны түшүндү. Дагы кайталайм, биз болгону бир гана нерсени талап кылып жатабыз: кыргыз-тажик чек арасында жаралган чатактан кийинки эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча түзүлгөн протоколдун мазмунун коомчулук билиши керек. Бул биздин конституциялык укугубуз, аскердик же чалгындык сыр жок болгондон кийин, аны эмнеге ачыкка чыгаргандан коркуп жатышат, түшүнүксүз. Минтип өздөрүнчө жашырып, ачыкка чыгаргандан коркуп жаткандарына караганда, менде да башка көптөгөн адамдар сыяктуу эле күдүк ойлор жаралып жатат. Демек, бул жерде кандайдыр бир коомчулукка, кыргыз элине жакпаган сыр жатат. Унчукпай кутулуп кетебиз деп ойлоп жатышса керек. Жок, терең жаңылышат, кандай жол менен болсо да биз өз талабыбызды аткартабыз. Болгону, бул багыттагы иштерибизди учурда бир аз солгундатып турууну чечтик. Анткени, эртең өлкөбүзгө мамлекеттик сапар менен Россиянын президенти Владимир Путин келет. Мына ушундай маанилүү иш-чаранын алдында зыяныбыз тийип калбасын деп, пауза кармадык. 

- Протокол жөнүндө сөз кылып жатып, сиздер тажик маалымат каражаттарынын “Кыргызстан ВорухИсфара жолун салууга, б.а. коридор ачып берип жатат”- деп жазганын айтып чыктыңыздар. Бул маалыматтын канчалык деңгээлде чындыгы бар экен, биле алдыңыздарбы? 

- Тажикстандын массалык маалымат каражаттарында чек арадагы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы дал сиз айтып өткөндөй чагылдырылды. Бирок, колубузда документ жоктугунан, анын канчалык деңгээлде чындыгы бар экенин айта албайбыз. Сөз болуп жаткан Ворух-Исфара жолун куруугу уруксат бериле турган болсо, анда бул өтө чатак маселе. Анткени, бул келечекте Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай айыл өкмөттөрүнүн, Лейлек районунун материктен (Кыргызстандын негизги бөлүгү) бөлүнүп, өз алдынча анклав болуп калуу коркунучуна кептейт. Ак-СайТамдык жолун курууга Тажикстандан уруксат сураштын кереги деле жок, анткени ал биздин аймак. Бул жолдун курулушуна активдүү каршылык көрсөтүп жатышкандарынын себеби да ошондон, атайылап провокация жасоо менен, өздөрүнө коридор ачуу. Кыргызстандын сүйлөшүүлөрдөгү делегациясын жетектеген вице-премьер Жеңиш Разаков биздин басма сөз жыйындан кийин эч кандай коридор ачып берүү жөнүндө сөз болбогонун айтып чыкты. Анда жакшы, азамат экенсиңер, бирок, сөзүңөр чын болсо, коркпой эле протоколдун мазмуну менен коомчулукту тааныштырып койгула да... Ошондо эч кандай сөз болбойт эле.

- Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева: “мен Ташиевди Баткенден көргөн жокмун, барган болсо да бул катардагы эле пиар, себеби шайлоо жакындап калды... Бул адам ким азыр? Аткаруу бийлигинде болбосо, министр же депутат эмес, анда ал кантип сүйлөшүүлөргө катышып, чек ара маселесин чечет”- деп сүйлөдү... Комментарийиңиз? 

 - Ичи тардыктын да чеги болот. Алтыбаева жоон топ депутаттардын катарында барса баргандыр, бирок анын барганкелгенин эч ким деле байкаган жок. Балким, бул эжекебиз кимдир-бирөөнүн заказы менен ушинтип сүйлөп жаткандыр? Мен башында айткам, азыр дагы кайталап коеюн, мен Баткенге чек ара маселесин чече коёюн деп барган жерим жок. Кыргыздын катардагы мекенчил уулу катары башына мүшкүл иш түшкөн элге караан болуу үчүн аттангам. Ошол жерде эл менен жолугушканда да сүйлөшүүлөргө тоскоол болбой, мүмкүнчүлүк бериши керектигин айттым. Колумдан келишинче элди сооротуп, маселенин тынчтык жолу менен бүтүшүнө жан үрөдүм. Алтыбаева чыныгы кырдаалды билбейт экен, эл ал кезде сүйлөшүү дегенди уккусу жок, таш менен мылтыгын көтөрүп чыгып алган. Мына, Тажикстан тарапта да белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылары барып, элин сабырдуулукка чакырып жатышты. Бул нормалдуу көрүнүш. Жалпысын айтканда, менин ал жерге барганымдын эң негизгиси зыяны тийген жок, башкысы ошол. “Шайлоо жакындап калды...”- дептир. Алтыбаева кайдан билет, балким, мен 2020-жылкы шайлоого таптакыр катышпайм? Ошондуктан, эжекебиз туура эмес сөздөрдү тандап алыптыр.
 
- Сиз Баткенге барып келгенден кийин жергиликтүү элдин арасында: “иштей албаган коркок жергиликтүү чиновниктерди айдаш керек, губернатор кылып Камчыбек Ташиевди алып келишсе жакшы болот эле..”- деген маанай пайда болду. Сизге ушундай сунуш түшө турган болсо, барат белеңиз? 

- Мен ал жерге жумуш издеп барган жокмун. Элибиздин кыйналганын, ошол убакта түзүлгөн оор кырдаалды көрүп, жөн олтура алган жокмун. Жүрөгүм ооруду, ичим ачышты, дал ошондуктан жергиликтүү элден кабар алып келүүнү чечтим. Ал эми жергиликтүү бийлик кандай иштеп жатат, ага бааны эл берет. 

- Жакындан бери вице-премьер-министр Жеңиш Разаковду “Тажикстандын агенти”- деген айыптоолор күч алды. Баткенде иштеп жүргөндө тажик тарапка жол тартып, бир нече күн жоголуп кеткени тууралуу документтер жарыяланды. Бул сөздөр жөн жерден чыккан жок да. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт. Ишенесизби? 

- Кандайдыр бир документалдык далил болмоюнча, так кесе айтуу кыйын. Ушак болушу мүмкүн, а балким, чын эле ошондойдур. Башка маселе – мындай практика жер жүзүндө кеңири колдонулат. Биздин арабызда да, жада калса мамлекеттик чиновниктердин ичинен да чет мамлекетке иштеген тыңчылар болушу мүмкүн. Ошол сыяктуу биздин мамлекеттин да башка өлкөлөрдүн чиновниктеринин ичинде тыңчылары бардыр. Бул эч качан ачыкка чыкпай турган сыр.
 
“Бабановдун бүгүнкү бийлик тууралуу ою жаман эмес”

- Мына, сиз сөзүңүздүн арасында аз күндө кыргыз жергесине Россиянын президенти Владимир Путиндин мамлекеттик иш сапар менен келерин айтып өттүңүз. Анын алдында РФ башчысы кыргыз мигранттарына кара тизмеден өзүн өчүртүү жаатында чоң жеңилдик берип, бизди сүйүнттү. Деги кыргыз-орус алакасынын өнүгүү багыты тууралуу кандай ойдосуз?

- Кыргыз-орус мамилесинин жакшы болушу бизге ыңгайлуу жана пайдалуу. Анткени, стратегиялык өнөктөшүбүз катары эгемендик колго тийгенден бери бардык жагынан колдоп келе жатышат. Учурда РФ аймагында бир миллиондун тегерегиндеги жарандарыбыз иштеп, бул жакта калган үй-бүлөсүн багууда. Кыргызстандык мигранттарга бир катар жеңилдиктер каралган. Башка да экономикалык долбоорлор бар. Сөз жок, алаканы дагы да жакшыртуу зарыл. Муну эки өлкөнүн тең президенттери жакшы билет.

- Жакындан бери сиздин 2015-жылкы парламенттик шайлоодогу өнөктөшүңүз Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келери тууралуу каңшаар күч алып, аябай талкууга алынып жатат. Бабановдун кайтып келишин колдойсузбу?

- Кыргызстан – Өмүрбек Бабановдун туулган жери, мекени, эли-журту. Андыктан, анын өз жерине келүүгө толук укугу бар. Башка иш – анын келишине тоскоол болуп жаткан кылмыш иштери. Алардын да кандай максатта, ким тарабынан козголгонун жакшы билесиздер. Ошондуктан, Бабановго кылмыш кылып коюп, качып кеткен катардагы адамдай мамиле жасоо туура эмес. Кантсе да ал мамлекетке салым кошкон, депутат, премьер-министр болгон адам. Президенттик жарышта жарым миллиондон ашык шайлоочунун добушун алган күчтүү инсан. Ага козголгон кылмыш иштери мыйзамдын гана алкагында каралышы керек. Анан эле “кайтып келсе камай салабыз”- деп коркутуштун кереги жок. Тескерисинче, келишине шарт түзүп, кылмыш иши боюнча мыйзам чегинде өзүнүн актыгын далилдөөгө шарт түзүп берүү зарыл. Мен билем, Кыргызстанга Бабановдун зыяны тийген эмес, мындан ары да тийбейт.

- Фарид Ниязовдун айтканы бар: “Президенттин шайлоодон кийин өлкөдө кырдаал өтө кооптуу болуп турган. Ошондуктан, биз кылмыш ишин ачып, Бабановду качырдык. Эгерде ал өлкөдөн чыкпай туруп алса, чоң чатак чыгып кетмек”- деп. Ушунун өзүнөн эле Бабановго козголгон кылмыш иши саясий куугунтуктун негизинде ачылганы көрүнүп турбайбы?

- Өмүрбек Бабанов мамлекетти тоносо, уурдаса, коррупцияга аралашса, аны кылмышкердей куугунтуктаса болот эле. Бирок, ага бул иштер саясий өңүттөн, чон саясий өнөктүктун негизинде козголгонун бардыгыбыз билип турабыз. Кээ бир анткорлор жөн эле безилдеп, “кылмыш иши бар, камаш керек”- деп от менен ойноп жатышат. Саясатташкан ишти андан ары өркүндөтүп, Бабановду биротоло саясий душман кыла бербестен, анын баарын мыйзам чегинде караганга эмнеге болбосун? Шайлоо учурунда ар кандай сөздөр айтылат. Абдан катуу сөздөр чыгат, тирешүүлөр болот. Бул анткени шайлоо да. Ал өттү да, кетти. Бетке тутуп, кечээки башкы аттандашыңды душман тутуу туура эмес. Адамгерчилик, моралдык жагын да унутпоо зарыл.

- Айрым гезиттер “Ташиев Кремлге кетти, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”- деп жазып чыгышты. Москвага барган соң, Бабановго да жолуккан чыгаарсыз?

- Мен ар дайым баарын ачык айтып жүргөн саясатчымын. Москвага барганым ырас, бирок, Кремлдин чакыруусу менен эмес, жеке иштерим, Италияда окуган баламдын жумуштары боюнча баргам. Ошонун арасында Өмүрбек Токтогулович менен да жолугуп, баарлаштык. Өзүнүн ой-максаттары жакшы, кандайдыр бир радикалдуу, жаман ойлорун байкаган жокмун. Кыргызстандын мындан аркы өсүп-өнүгүүсүнө салым кошоюн деген изги аруу максаты көрүнүп турат.

- Жеке мамилеңиздер кантти? Анткени, 2015-жылкы парламенттик шайлоодон кийин сизди сатып кеткендиги туурасында кептер арбын айтылып жатпады беле?

- Өз ара мамилебиз бар. Мен андан жолукканда бир гана нерсени сурадым: “шайлоого үч күн калганда мага чоң провокация жасалып, тизмеден чыгарып салышкан. Ошондо сен эл алдында депутат болуп барып калган соң менин маселемди көтөрүп, мыйзамдуу чечим берүү боюнча убада бергенсиң. Бирок, парламенттин жалпы жыйынында да, комитетте, же фракцияда да унчукпадың. Эмнеге?”- деп. Бабанов: “Мен канчалык көтөрүп чыкпайын, бул маселенин чечилишине көзүм жеткен жок. Себеби, Атамбаев сенин келишиңе караманча каршы болуп турган. Ал жол бермек эмес”- деди.

- Балким, ушунча пикириңиздер келишип турат экен, 2020-жылы да шайлоого кайрадан чогуу аттанып калаарсыздар? Бул багытта сөздөр болдубу?

- Чынында эле ар түрдүү саясий сөздөр болду. Бийлик, шайлоо, мамлекеттин учурдагы коомдук-саясий, экономикалык абалын сүйлөштүк. Кийинки парламенттик, президенттик шайлоолор боюнча пикир алыштык. Бирок, кандайдыр бир чечимге келген жокпуз. Андай оюбуз деле башынан жок болчу. Анын үстүнө, мен өзүм азырынча шайлоого катышааркатышпастыгымды чече элекмин. “Эртең шайлоо”,- деп даярдык да көргөн жокмун.

- Бабановдун азыркы бийлик тууралуу ой-пикири кандай, бул элге да абдан кызыктуу, ошон үчүн сурап жатам. Анан жеке сиздин бийликтин ишмердүүлүгүнө карата кандай оюңуз бар?

- Өмүрбек Токтогуловичтин бүгүнкү бийлик тууралуу ою жаман эмес. Сын-пикир айтып, каршылаш болоюн деген эч кандай ою жок. “Колумдан келсе жардам берсем”- деп олтурат. А жеке менин көз карашымды айтсам, чек ара боюнча сын-пикир айтсам эле мени дароо оппозицияга чыгарып салышты. Бийликке да чындыкты айтып турган адам керек болсо керек. Мурдагы ажолор эмнеге кулаган? Анткени, алардын көзүн май басып, элдин сөзүн кулактын сыртынан кетирчү болгон. Азыркы бийликтин ушул оорудан алыс болушун каалайм. Демек, туура эмес жерин көрсөтүп, жакшысына кубанып айтып туруу бардыгыбыздын милдетибиз. Көп учурда өздөрү да кээ бир нерселерди байкабай калат. Мындай кемчиликтерин айтып турсак, өздөрүнө пайда да. Дал ошол себептен, кандайдыр бир элге жаман иш жасаса, ката кетирсе, аны айтып турууну милдетим деп эсептейм. Ошентип койсо эле бийликке оппозиция деп ойлоо жаңылыштык, мен оппозицияда эмесмин, эл ичиндемин.
 
- Айрым эксперттердин пикиринде, Б.Талгарбеков, Б.Асанов, К.Кадыровдун абактан чыгышы бийликке плюс алып келиптир. Буга кошуласызбы?

- Мен буга кошула албайм. Саясий туткундар мыйзам чегинде, өздөрүнүн жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу азаттык алышты. Бектур Асанов менен Кубанычбек Кадыровдун мөөнөтү бүткөн да. Ал эми Б.Талгарбеков боюнча сот андан бир кылмыш иши боюнча айыбын алып салды, а экинчиси боюнча мөөнөтүн өтөп, шарттуу бошотууга туура келгендиктен чыкты.

“Атамбаев болбосо КСДП азыркы жогорку деңгээлге жетмек эмес”

- Акыркы кезде экс-президент А.Атамбаев абдан олуттуу билдирүүлөрдү жасап жатат. Ошондон улам коомчулукта “Атамбаев жегенин жеп бүттү, дагы олку-солкулуктарды каалап жатат, аны тезинен камаш керек”- деген ой айтылууда. Ага негиз барбы? Бул биринчиден. 

Экинчи маселе – учурда КСДП партиясы экиге бөлүнүп кетти. “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы өз алдынча, экс-президенттин жактоочулары өз алдынча съездге даярдык көрүп жатышат. Бул жагдай катуу талкууга алынууда. Карапайым эл: “кырылыша беришсин, бизге нан менен ыр болсо болду”- деп кайдыгер. 

- Атамбаевден партияны тартып алуу аракети туурабы? 

- Биринчиден, Атамбаев алып барып эле камап коё тургандай кой эмес да. Ал кечээки президент, бүгүн экспрезидент катары Башмыйзам кепилдеген укуктары бар. Анан эле саясий билдирүүлөрүн бетке кармап, “камаш керек”- деген саясат туура эмес. Атамбаев өзү ушундай ката кетирсе да, анын катасын кайталабаш керек. Мен өзүм саясий куугунтук көргөн, анын азабын тарткан адам катары айтып коеюн, минтип “камай сал”- деп кошоматчылык менен жан баккандар ар бир бийликтин тушунда болот. Аларга алдырбаш керек. Адилеттүүлүк керек, эгерде камоого туура келе турган деңгээлде мыйзамды бузганы дплилденсе, анда мыйзам алдында ал дагы башка катардагы эле жарандай жоопкерчиликке тартылышы керек.

Экинчиден, Атамбаевден КСДПны тартып алуу аракети башынан туура эмес нерсе. Атамбаев болбосо КСДП азыркы жогорку деңгээлге жетмек эмес. Катардагы партиянын президент чыгарган чоң саясий күчкө айланышына Атамбаевдин кошкон салымы чоң. Кошоматчылык жасашып, тебелеп тартып алабыз дегенден көрө, Атамбаевге мүмкүнчүлүк бериш керек эле. Аны менен таза акыйкат шайлоодо теңтайлашып, жеңип алышса – анда башка кеп болмок. Атамбаев менен барып КСДП жеңилип калса – анда бул маселени көтөрүп чыгышса цивилдүү болмок.

- Кызык экен бул позицияңыз. Атамбаев тууралуу жакшы ой айтып калганыңызга караганда, ага кошулуу ниетиңиз бар окшойт?

- Мен ачык айтайын, Атамбаевге жан тартып жаткан жокмун, чындыкты гана президентке жетсин деп айттым. Мен билем, кошоматтанып, президентти туура эмес жолго түрткөндөр бар. Ачуу болсо да президентке айткым келди, себеби ага мунун баары жетпейт, жетсе да башкача жеткизишет. Ал эми Атамбаевге мен эч качан кошулбайм. Анын саясаты башка, меники башка. Бирок, чындыкты мындан ары да айта берем! Буга чейин бир да бийликтен тайсалдаган, тайманган эмесмин. Мындан кийин да тайманбайм! - “Ата-Журт” шайлоого катышабы? Өйдөдө катышар-катышпастыгыңыз чечиле электигин айттыңыз? - “Ата-Журт” жеңип келген партия. Менсиз деле шайлоого катышууга мүмкүнчүлүгү бар жана сөзсүз жарышка түшөт. Жеке мен, өзүм үчүн, шайлоого катышуу жагын чече элекмин...

Маектешкен Нургазы Анаркулов Бишкек ш., Чоң-Арык айылы, 2019-жылдын 25-марты

Булак: “Майдан. kg” гезити 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...