Бардык жаңылыктар

“Министрдин махабаты” же Эркин Чодуев көңүлдөшүн “көшөгөдөн” чыгардыбы?

Жерге-сууга тийгизбей мактап-жактап жатып Айыл-чарба министрлигине Эркинбек Чодуевди койбодук беле. Мунубуз дагы кокуй неме окшобойбу. Жаанда калган көгүчкөн кебетелеген Чодуевдин «чудолору» чууруп чыга баштады. Башкача айтканда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган министр Эркинбек Чодуев ээн баштанып атыптыр. Дегенибиз, Чодуев картөшкө сындуу айыл дыйкандары өндүргөн жашылчаларды кантип экспорттоо керектигин ойлонбостон, көңүлдөшүн чет өлкөгө мамлекеттин эсебинен эс алдырууга жанталашып жүргөнү боюнча маалымат тарады. ММКларда айтылгандай Айыл-чарба министринин экспорт бөлүмүнүн башчысы Анаркүл Беккулиева менен ынак мамиледе экени, аны бүт министрлик билээри жазылган. Жакында эл аралык жаңжал чыгып, андан «служебный романын» бети булайыптыр. Тагыраагы, бүт чыгымын өздөрү көтөргөн Кытайдагы ярмаркага чакыруу келип, ага министрдин орун басарынан жогорку чиновниктер чакырылган экен, ага чодоңдогон Чодуев өзүнүн «көңүл» жакыны делген Беккулуеваны киргизе койгон. Кытайлыктарга чоң кызматты ээлеген киши катары көрсөтүп, «министрдин орун басары» деген расмий катта жалган маалым катты ТИМге жөнөткөн. Аныгында Беккулиева экспорт бөлүмүн башкарат. Кызыгы, Чодуев аталган ишти орун басары Амангелди Исаевге тапшырып, маалыматка кол койгон эмес. Учурда чырлуу ишти жең ичинен бүтүргөнгө аракеттенген жетекчилик «сүйүү» романы жайылып кетпес үчүн бүт ресурсту колдонуп жанталашып жатканы, Исаевди группалашы жана досу Абылгазиевге салганы маалыматта айтылган. Бул жеткен шерменделик да. Качанга чейин биз белден өйдө ойлоно албаган шоркелдейлерди талтаңдата беребиз? Же «министрдин махабаты» каалагандай тайраңдаш керек деген мыйзам барбы?

Булак: “Де-Факто”

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Март 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады