Бардык жаңылыктар

Элдик курултай Жогорку Кеңештин жоопкерчилигин кароону сунуш кылды

«Кыргызстанда болуп жаткан соңку саясий кырдаал боюнча Жогорку Кеңештин да жоопкерчилиги каралышы керек». Бул тууралуу Элдик курултай институтун бийликти көзөмөлдөөчү орган катары бекитүүнү колдоп келаткан саясатчы Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкектеги басма сөз жыйынында билдирди. Анын пикиринде, 2018-жылдын 24-ноябрындагы курултайдын талаптарына парламент жооп бере элек.

- «Атамбаев мыйзам чегинде жоопко тартылсын» деген бир эле пункт. Калгандары турат да. Ошону Жогорку Кеңешке 10 ай мурда бергенбиз. Атамбаев парламентти «чимкирик» демейинче кыбырабай, кол тийбестигин албай отурушту. Прокуратура да эч нерсе кылган жок. 2010-жылдан берки коррупциялык же башка иштерде парламенттин орду Атамбаевдикинен кем эмес. Сапар Исаков жазган келишимди ошолор ратификация кылган, «Русгидро» боюнча 37 миллионду ушул парламент ратификациялап, кайра өзү денонсация кылды. Кумтөрдү 2013-жылы өздөрү «коррупциялык келишим» деп чечим чыгарып, алигиче унчукпай отурушат. Жерүйдө биздин үлүш канча экенин эч ким билбейт. Көп кендерде алтын казылып, ташылып кетип атат. Ушуга окшогон маселелердин баарын Атамбаевдин үстүнө жүктөп койгон болбойт».

Бекназаров парламент саясий-моралдык жактан өзүнүн кемчилигин мойнуна алып, жоопкерчиликти сезиши керек деп эсептейт. Ал парламент өзүн өзү таркатып же кетирген катачылыктарды оңдоого аракет көрбөй жатанын белгиледи.

2018-жылы 24-ноябрда Бишкекте өткөн курултайда жаңы Конституцияны кабыл алуу, Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда камалган саясатчылардын ишин кайра кароо, Жогорку Кеңештин ишин «канааттандырарлык эмес» деп табуу, паспорттогу «улуту» деген графаны кайра жазуу сындуу сунуштар менен резолюция кабыл алынган. Бул талаптар парламентке да жиберилген. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!