Бардык жаңылыктар

“Апрель” телеканалына күч органдары мөөр басып кетишти

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге таандык “Апрель” телеканалына күч органдары мөөр басып, кеңсени жаап кетишти.

Бул маалыматты каналдын жетекчиси Дмитрий Ложников ырастады. Ал “Форум” имаратына келген күч органдары телеканалдын жетекчилигине эч кандай документ көрсөтпөгөнүн, журналисттерге жеке буюм-тайымдарын алып кетүүгө уруксат бербегенин айтты.

“Үчүнчү күн катары менен Кыргызстандын бардык аймагында “Апрель” телеканалынын эфир көрсөтүлбөй жатат. Бизди ар кайсы жерде ар кандай себеп менен өчүрүп коюшту. Мен мындай болуп кетет деп күткөн эмесмин. Телеканалдын мүлкүнө, имаратка арест коюу менен гана аяктайт деп ойлогом”, - деди Ложников.

Ал 9-августтун кечинде болгон окуяларды сөз эркиндигин тепселөө аракети деп мүнөздөп, канал интернет аркылуу эфирге чыга берерин кошумчалады.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы соттун чечими менен "Медиа-Форум" ишканасынын жана "Апрель" телеканалынын мүлкүнө арест коюлганын билдирди.
“Апрелдин” “Фейсбук” социалдык түйүнүндөгү баракчасы аркылуу берилген түз эфирде Бишкек сааты боюнча кечки саат 9дар чамасында атайын даярдыктагы күч кызматкерлери Бишкектеги телеканал жайгашкан “Форум” имаратынан чыгып жатканын көрүүгө болот.

8-августта күч түзүмдөрүнүн атайын операциясынын экинчи күнүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалган. Ал 26-августка чейин камакка алынды. Буга чейин Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте бошоп кеткенине байланыштуу иште күбө катары суракка баруудан үч жолу баш тарткан.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!