Бардык жаңылыктар

Алмазбек Атамбаев тергөө документтерине кол койгон жок

Улуттук коопсуздук комитетинин Тергөө абагына камакка алынган мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөө документтерине кол койгон жок. Бул тууралуу анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Анын айтымында, Атамбаев алгачкы сурак маалында кылмышка шектөө боюнча кабарламага, сурак протоколуна, бөгөт чарасын аныктоо боюнча токтомго кол коюудан баш тарткан. Мындай жол менен мурдагы президент өзүнө козголгон кылмыш ишинин мыйзамсыз экенин билдиргенин жана буга акысы бар экенин адвокат кошумчалады.
Алмазбек Атамбаев 8-августта ИИМдин атайын операциясынан соң камакка алынган. Бишкектин Биринчи май райондук соту 9-август күнү Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаев иши боюнча кылмышка шектүү катары караган тергөө материалдарынын негизинде анын бөгөт чарасын карап 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу чечим чыгарды.
Атамбаев Жазык кодексинин «Кылмышка кошо аралашуу» жана «Коррупция» беренелери боюнча шек саналууда. Мындан тышкары Башкы прокуратура 8-августта Кой-Таштагы башаламандык, бийлик өкүлүнө зомбулук көрсөтүү, аскер адамын өлтүрүү жана барымтага алуу фактылары боюнча кылмыш ишин ачкан эле. Бирок ал фактылар боюнча Алмазбек Атамбаевге кылмышка шектүү катары азырынча айып коюла элек.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!