Бардык жаңылыктар

УКМК жараат алган аскерлер үчүн каражат чогултулуп жатканын четке какты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган аскерлерге кымбат баалуу дары-дармектер керек деген маалымат чындыкка дал келбесин кабарлады. Маалыматка ылайык, азыркы тапта Кой-Таштагы окуяда жаракат алган бардык кызматкерлерге ар тараптуу медициналык жардам көрсөтүлүүдө жана керектүү дары-дармектер менен толук камсыздалган. Буга байланыштуу УКМК жарандарды жараат алган жоокерлер үчүн акча чогултууга багытталган шектүү акцияларга катышуудан баш тартууга чакырды. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматынан билдиришти.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операция учурунда жалпысынан 12 аскер жаракат алып ооруканага түшкөн. Ал эми операцияны жетектеп барган подполковник Үсөн Ниязбеков ок жеп каза болду. Мындан сырткары Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкулов жаракат алып, учурда оор абалда ооруканада жатат. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!