Бардык жаңылыктар

Текебаев: Өлкөбүз кубаттуу, туруктуу болуп, ар дайым өсүп-өнүгүү коштоп турсун!

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев кыргызстандыктарды ыйык Курман айт майрамы менен куттуктады. 
Куттуктоодо мындай деп айтылат:

Урматтуу мекендештер!
Кыргызстандын мусулмандары!

Сиздерди ыйык Курман айт майрамыңыздар менен куттуктайм!

Курман айт – кайрымдуулуктун, кечиримдүүлүктүн, боорукерликтин майрамы. Бул күнү мусулмандар курмандык чалып, Жараткандын алдында ыйык милдетин аткарышат, дасторкон жайып, жакшы тилек, жайдары маанай менен тосуп алышат. Бул улуу күн – адамдардын дилинин тазарышына, ыймандуу, кайрымдуу болушуна үндөгөн касиеттүү күн. 

Курман айт күнү тилектерибиз кабыл болуп, ар бирибиздин жүрөгүбүздө ыйман-ырыскы уяласын!

Жакшы ой-максаттарыңыздар ишке ашып, ыйык Мекке шаарында мусулмандык парзын аткарып жүргөн кыргызстандыктардын ажылык зыяраттары кабыл болуп, мекенибизге аман-эсен кайтып келишсин!

Өлкөбүз кубаттуу, туруктуу болуп, ар дайым өсүп-өнүгүү коштоп турсун! Ата Мекенибиздин асманы ачык, жеринде тынчтык, элинде ынтымак жана биримдик орноп, бейпилдик өкүм сүрсүн!

Айтыңыздар маарек болсун, урматтуу мекендештер!

ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ     
"Ата Мекен" социалисттик партиясынын төрагасы

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!