Бардык жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Курман айт күнү Бишкек шаарындагы мечиттердин бирине барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, Курман айт майрамына байланыштуу Бишкек шаарынын борбордук мечитине барып, Айт намазга катышты.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-августта, кыргызстандыктарды Курман Айт майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Досалы Эсеналиев Бишкек шаарынын эски аянтында Айт намаз учурунда окуду.

Куттуктоонун тексти:

"Урматтуу мекендештерим!

Кадырлуу мусулман агайын туугандарым!
Ар бириңиздерди ыйык Курман Айт майрамыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм!

Бүгүн – Кудай Таала  өз пенделерине ыроологон  эң улуу күндөрдүн бири.
Ушул  күнү Жер жүзүндөгү бир жарым миллиардга жакын адам жан дүйнөсүн тазалап, Жаратканга жакын болууга умтулат.
Дүйнөдө бир дагы майрам мынча көп кишинин асыл оюн, аруу тилегин,  жаркын максатын бириктире албайт.

Ошондуктан бүгүнкү Курман Айт майрамы -  жалпы пенделерди ынтымак менен биримдикке чакырган улуу майрам.
Урматтуу мекендештерим!

Жараткан Кыргызстан элине тынчтык жана ынтымак берсин.
Ар бир үйгө кут, береке, ырыскы толсун.
Тилеген тилектерибиз, асыл максаттарыбыз орундалып, Жараткан бүгүнкү курмандыктарды кабыл кылсын.

Ажылык парзын аткарып жүргөн мекендештерибиздин аруу тилектери кабыл болсун.

Коомубуздун ынтымагы бекем, ыйманы таза болуп, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн.
Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде өнүгүү болсун!
Айтыңыздар маарек болсун!
Кыргызстаныбызды Кудайым өзү колдосун!"

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!