Бардык жаңылыктар

Кайрадан Темир Сариевдин премьер-министр болушуна негизги үч себеп (видео)


Элди иренжиткен өкмөттүн кашаң жүрүштөрү, иштин көзүн билбеген мажирөөлүгү барган сайын коомчулуктун кыжырын кайната баштаганы ырас. “Эл деген сел” дейт. Бийлик ишенимди актай албаса акыры жообун алат. Бирок, мындай шартта татаал кырдаалдан чыгуунун амалын тапса болот да. “Кадрлар баарын чечет” дегендей, эл камын ойлогон мамлекеттик ишмерлерди карасак болбойбу?


Темир Сариев  тышкы саясатта абройлуу саясатчы, стратегиялык байланыштагы өлкөлөрдүн колдоосуна арзыйт. Министр, премьер-министр кезинде Кыргызстанды ЕАЭБге киргизүүдө татыктуу түрдө кызмат өтөй алган. Анын алкагында Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду түзүлүп, учурда фермер-дыйкандарыбыздын үзүрү үчүн иштеп жаткан чагы. Темир Сариев "элет өнүкмөйүн, өлкө өнүкпөйт" деген ураанды карманып, аграардык секторду өнүктүрүүдө ар-бир районго, айыл-аймактарга экиден кем эмес ишканаларды ачууга белсенип, тиешелүү иштерди жүргүзө баштаган.


Ошондой эле коңшу Өзбекстан менен талаштуу болгон 19 обьектини өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн тайманбай туруп кайтарып берген. Бул эрдиги Жогорку Кеңеште бааланып, депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстандын тарыхында алгылыктуу иши менен тарыхта калган өкмөт башчы Султан Ибраимов болсо, эми сиз дагы улуу инсандын жолун улап тарыхта калдыңыз деген. Ал эми депутат Ирина Карамушкина бул кадамы үчүн Темир Сариевге "Кыргыз Эл Баатыры" наамын берүү керек деп айтып чыккан. Мындан тышкары 2015-жылы Өкмөт башчы кезинде Душанбе шаарына болгон расмий сапарында БУУнун башчысы Пани Ги Мун, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон баш болгон чоң жыйында Суу маселеси тууралуу сөз сүйлөп, Суу экономиканын бир булагы экенин белгилеп, Кыргызстан экономикалык секирик жасоодо тайманбастан ири ГЭСтерди курууда инвесторлорго ылайыктуу шарттарды түзүп берээрин айтып чыккан. Бул кадамы да өлкөнүн келечеги үчүн эң маанилүү жана пайдалуу максат болгон. Эсиңерде болсо, ал убакта коңшу өлкөлөр Кыргызстандын ички саясатына баш уруп, ГЭСтерди куруусуна каршылык билдирип келген эле.




Бирок, баштаган иштерин аягына чыгарып, жемишин элге кайтаргыча кызматынан алынган. Себеби, агезде президенттик шайлоо жакындап келатканы, рейтинги көтөрүлүп баратканы саясый интригалардын негизин түзүп, ага ар кандай жалаа жабуулар менен кара пиардын күчөгөнүн билебиз. Үчүнчүдөн, Сариев жетекчи катары тажрыйбалуу, сергек жана иштин көзүн таба билет. Элге жугумдуу саясатчы, кыйын кырдаалдан чыга алат... 


Негизги ушул үч себепти келтиргенибиз жетиштүү. Калганы башка кеп. Эгерде “эки тизгин бир чылбыр” Темикенин колуна тийсе, эң башкысы, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо үчүн алдын ала иш-аракеттерди баштай турганы, сырттан инвестиция тартуунун кепилдиктерин келтире аларын, өндүрүштү жандандырып, экономиканы көтөрүүнүн жолун таап чыгарына ишенебиз. Буга анын басып өткөн жолу, билими, тажрыйбасы жана чечкиндүүлүгү негиз боло алат. Анүчүн жаңы өкмөттүн кадр саясаты кескин түрдө өзгөрүшү шарт. 


А эгер бүгүнкүдөй эч өзгөрүүсүз “өгүз өлбө, араба сынба” деп кете берсек, жазда же күздө саясый толкундоолорго кабылып, баары кеч болуп калбайбы? Ошон үчүн Темир Сариев кайрадан өкмөт башчы болуп келсе, жалпы терс саясый кырдаалды өзгөртүүгө кепилдик жана негизги күч катары өзүн көрсөтмөк. Албетте, үмүт зор!


ЧЫНДЫК





Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Декабрь 2019    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031 



Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!
Видео // 21:15
"Кой-Ташта" катылган сырлар: Генералды садага чабуу...
Видео // 13:06
Бишкек ЖЭБди оңдоо. Мамлекетке 111 миллион доллар чыгым келтирилген
Видео // 12:54
Журналисттик иликтөө / Туңгуюк...