Бардык жаңылыктар

Самат Курманкулов Москванын ооруканасына которулат

Кой-Таштагы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда башынан жаракат алган Чүй облустук милициясынын башчысы Самат Курманкуловду дарылоо Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборунда улантылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Маалыматка ылайык, бүгүн Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда Москвадагы Бурденко борборунан келген дарыгерлердин катышуусу менен консилиум өткөрүлдү.
Анын жүрүшүндө полковник Курманкуловго кайрадан нейрохирургиялык операция жасоо кереги жок экени айтылган.

Ошондой эле бейтаптын дарылануусун мындан ары Москвадагы Бурденко атындагы Нейрохирургия борборунда улантуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Учурда Самат Курманкуловдун абалы турукташып калды жана аны Москвага алып кетсе болот.
Жакын арада транспорт маселеси чечилип, полковник Орусиядагы ооруканага которулмакчы.

Самат Курманкулов 7-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жараат алган. Мурдагы президентти кармоо боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) «Альфа» ыкчам тобу жүргүзгөн операция оңунан чыкпаган соң Кой-Таш айылына милиция күчтөрү тартылган. Ошол жерге чогулган эл менен милиция ортосундагы кыска кагылыш учурунда Курманкуловдун башына таш тийген. Буга чейин эки жолу башына операция жасалган Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!