Бардык жаңылыктар

КР Билим берүү жана илим министрлиги: Бишкекте Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун Биринчи форуму өтүүдө

Бишкекте 2019-жылдын 27-мартында Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын  ректорлорунун “Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү – келечекке инвестиция” аттуу Биринчи форуму өз ишин баштады.
Форумдун максаты - эки тараптуу кыргыз-россиялык илимий жана билим берүү кызматташтыкты кеңейтү.
Форумдун ишинде Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россия Федерациясынын Агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлордун союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 Россиянын жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү жана
Кыргызстан тарабынан Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 жождун ректорлору катышууда.
Форумдун катышуучулары жалпы евразиялык билим берүү чөйрөсүн түзүүнү жана күчөтүүнү, жогорку билим берүүдө кызматташтык горизонтторун кеңейтүүнү талкуулашууда.
Форумдун программасында пленардык отурум жана төмөнкү тематикалар боюнча сессиялык блок: "Орус тили  Россия Кыргызстандын илимий билим берүү  интеграциясынын негизи"; "Табигый илимий жана гуманитардык жаатындагы кыргыз-россиялык кызматташтыгы"; “Экономиканы модернизациялоо  шарттарында кадрлады даярдоодо жаңы мамилелер".
Форумдун жыйынтыгында КР жогорку окуу жайлардын ассоциациясынын жана Россиялык ректорлордун союзунун кызматташтыгы тууралуу Макулдашууга кол коюуу күтүлүүдө, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу жана кызматташуу боюнча 79 эки тараптуу келишимге кол коюлат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады