Бардык жаңылыктар

Убагында адилетсиздик болуп жатканда Раиса Атамбаева шапар тээп, АША менен жетелешип жүрчү

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы бүгүн, УКМКда каралып жатат. УКМКнын имаратынын алдына анын тарапташтары жана үй-бүлөөсү келип топтолушту. Раиса Атамбаева саясий куугунтук болуп жатат деген пикирин айтты:
“Алмазбек Шаршеновичтин тарапташтарына саясий куугунтук болуп жатат. Балдарды суракка чакырышты”-дейт ал.
Мурдагы президенттин жубайынын сөзү коомчулукта талкууга алынып, Атамбаевдин убагында саясий негиз менен камакка алынган саясатчылардын жакындары пикирлерин жазып жатышат.
“Раиса Атамбаев убагында кандай адилетсиз куугунтук болгонун байкаган дагы эмес чыгаар. Ал убакта канчалаган бей күнөө адамдар камалып, балдары ыйлап, энелери зар какшап, ал тургай камактагы баласын көрбөй ата-энеси каза болуп калган учурлар болгон. Алмазбек Атамбаевдин балдарын суракка чакырып койсо капа болуп жатышат. Садыр Жапаровдун балдарын мыкаачылык менен сабатып, бир туугандарын, үй-бүлөө мүчөлөрүн толугу менен каматып салган мезгилди эстесинчи?”-дейт Садыр Жапаровду колдогон интернет колдонуучулар.
Буга кошумча, Алмазбек Атамбаев түзгөн элдик штабдын активдүү мүчөсү Фархад Баабиевдин телефон сүйлөшүүсү жарыяланды. Анда, Фархад Баабиев Аман аттуу жаран менен өлкөдө баш-аламандык чыгарып, элди түндүк-түштүк кылып согуштурууну уюштурууну талкуулашкан. 
“Аманчик, мындай кылыш керек. Чүйдөгү оштуктарды сабап, бизнестерин талкалап, 200 оштуктун үйүн өрттөп салыш керек. Ошондо чыр чыгып, бийликти басып алууга шарт түзүлөт”-деп айтылат сүйлөшүүдө. 
Эскерте кетсек, кылмышкер Азиз Батукаевдин мыйзамсыз чыгарылышына аралашкан деген шек менен күбө катары суракка чакырылган мурдагы президент, келүүдөн баш тартып, Кой-Таштагы үйүнө жашынып алган. Ал, куралчан адамдарды чогултуп, күч органдары келсе атып, карышылык кыла турганын күн мурунтан айткан. 7-августа суракка алып кетүүгө келген күч органдарынын кызматкерлерине ок чыгарып,  1 адам каза тапкан. Мындан тышкары Атамбаевдин тарапташтары күч органдарын ур-тепкиге алып, денелерине оор залал кылышкан. Чүй ОИИББнын жетекчиси учурда оор балда Москвада дарыланууга кетти. Мындан тышкары УКМКнын 6 кызматкерине Атамбаевдин тарапташтары тарабынан атылган куралдын огу жаӊылган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!