Бардык жаңылыктар

Меркель: «Германия Улуу Британиянын ЕБден келишимсиз чыгышына даяр»

Германия үчүн Улуу Британиянын Европа Биримдигинен (ЕБ) келишимсиз чыгышы күтүүсүз болбойт. Бул тууралуу жекшемби күнү немис өкмөтүнүн ачык эшик күнүнө арналган иш-чарада сүйлөгөн өлкө канцлери Ангела Меркель билдирди.

Ал Улуу Британия ЕБден келишимге ылайык чыкса жакшы болорун белгилеп, бирок андай болбосо Германия «башка варианттарга дагы» даяр экенин билдирди.

Мурдараак Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон келишимсиз болсо дагы өлкөнү Евробиримдиктин курамынан 31-октябрга чейин чыгара турганын бир нече жолу билдирген.

Британ лейбористтеринин лидери Жереми Корбин өлкө бийлигинин Брюссель менен келишим түзбөстөн «Брекзитке» барууга укугу жок экенин билдирген. Бул тууралуу ал 14-августта оппозициялык партиялардын лидерлери жана британ парламентинин депутаттарына жолдогон катында жазып, ЕБдин курамынан келишимсиз чыгууга жол бербөөгө аракет кыла турганын белгилеген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:13
Видео – Кыргыз коомун чүнчүткөн уюшкан кылмыштуу топтор
Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды