Бардык жаңылыктар

Нур-Султанда балдарды мектепке даярдоо үчүн берилген жардамга нааразы энелер акцияга чыгышты

19-августта Астанада кырктан ашык көп балалуу эне Акордо имаратынын алдына чогулуп, балдарын мектепке даярдоо үчүн берилип жаткан социалдык жардамдын аз экенине даттанышты.

Чогулгандардын алдына чыккан акимчиликтин өкүлү Бахтияр Макен шаар бийлиги көп балалуу жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү ар бир бала үчүн мектеп формасын сатып алууга 30 миң теңгеден (78 АКШ доллары) берип жатканын билдирди. Ал борбордогу жети дүкөн мектеп формасын жеткиликтүү баада сатып жатканын айтып, 30 миң теңге бир баланы кийиндирүүгө жете турганын белгиледи. Макен ошондой эле акимчилик жардам берип жаткан үй-бүлөлөрдүн көбү даректүү социалдык жардам дагы ала тургандыгын кошумчалады.

Бирок көп балалуу энелер аткаминердин мындай билдирүүсү менен макул болбой, бул сумма жетпей жатканын айтышты.

Казакстанда көп балалуу энелердин социалдык абалын жакшыртуу жана турак-жай маселесин чечип берүүнү талап кылган нааразылык акциялар быйыл февралдан бери уланып келет. Буга жыл башында Нур-Султанда өрттөн бир тууган беш кыздын каза болушу себеп болгон. Анда өлкөнүн ал кездеги президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттү «калк менен иштей алган жок» деп сындап, отставкага кетирген. Апрелде өлкөнүн кийинки президенти Касым-Жомарт Токаев «Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык колдоо көрсөтүү тууралуу» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, кирешеси ар бир үй-бүлө мүчөсүнө бөлгөндө жашоо минимумунан төмөн болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына ай сайын 21 миң теңгеден бериле баштаган.

Жазында өлкөдө нааразылык маанай күчөгөндөн кийин бийлик муктаж үй-бүлөлөрдү колдоо чараларын жарыялаган. Алардын ичинде өкмөттүн жарандардын белгилүү бир категориясынын «карызын азайтуу» чечими бар. Анда бийлик айрым муктаж үй-бүлөлөрдүн күрөөсүз алган керектөө насыялары жарым-жартылай кечиле турганын билдирген.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:13
Видео – Кыргыз коомун чүнчүткөн уюшкан кылмыштуу топтор
Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды