Бардык жаңылыктар

Кайран Карамушкина камырабай туруп калп айтты

Депутат Ирина Карамушкина өзүнүн «Фейсбуктагы” жеке баракчасына Кой-Таштагы кагылышуу учурунда күч кызматкерлеринин ур-токмогунан 24 жаштагы Курманбек уулу Миржан аттуу жигит каза болгону тууралуу кабар укканын жазып чыкты. Аны менен бирге Карамушкина ошол күндөрү жабыркагандарды эч кимден , коркпостон сотторго, эл аралык уюмдарга кайрылууга үндөгөн. Бул маалымат көптөрдү таң калтырган деле жок. Анткени, Карамушкина аны кимдир бирөөлөрдөн уккандыгын жазган. Буга чейин басылмаларды факты менен сүйлөөгө үндөгөн эл өкүлү, эми минтип бирөөдөн уккан аңыз кептерин ачык эле өзүнүн жеке баракчасына жазып жатышы, жеңилүүдөгү ич күптү экенин дароо эле түшүнүштү. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги да тактаганын, андай адам каза болду деген маалымат чындыкка жатпастыгын, тизмелердин баарын карап чыгышканын, медициналык жардамга кайрылгандар арасында да андай фамилия жок экенин айтышты. Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинанын айткандарын «далилсиз маалымат жайылтуу аркылуу коомчулукту алдоо” деп баалады.

Булак: «Факты.kg»

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:13
Видео – Кыргыз коомун чүнчүткөн уюшкан кылмыштуу топтор
Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды