Бардык жаңылыктар

Марат Мураталиев "төө буурчак" көйгөйүн чечти...


Талас облусунун тургундарынын эң көйгөйлүү маселеси бул "төө буурчак" экени талашсыз. Дыйкандар төө буурчактын баасы бир калыпта болуп берсе деген илгери үмүт менен дыйканчылык кылып келишет. Албетте, базар экономикасы болгондуктан, "төө буурчактын" наркын, баасын бир калыпта кармап туруу кыйынга турат. Бирок ага карабастан Өмкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев Премьер-министрдин тапшырмасынын алкагында "төө буурчак" масаелесин чечүүдө алгылыктуу кадамдарга барууда. Алсак, учурда Талас облусунда эгилип жаткан "төө буурчактын" үрөнү илгертен бери жаңыртылбай, жалпак тил менен айтканда картайды. Анын кесепетинен түшүмдүүлүк азайып, дыйкандардын мээнети акталбай жатканы жашыруун эмес. Дал ушул жаатта Марат Мураталиев батыл кадамы менен эскирген үрөндүн ордуна жаңы түшүмдүүлүгү мол үрөндү жайылтуу менен алек. Анын алкагында Мураталиевтин демилгеси менен атайын делегация Турциянын Конья шаарына барып, мол түшүм бере турган Нирвана сортунун  "Элита" аттуу  үрөнүн алып келип, Талас облусу боюнча 50 гектар жерге эккен. Бул үрөн болжол менен гектарына 4-7 тонна түшүм берет. Бүгүнкү күндө бул үрөн өзүн - өзү актап жатат. Мындан тышкары Турциядан бул үрөндөн башка түшүмдүүлүгү мындан да жогору болгон "төө буурчактын" 5-6 сорту алынып келинип, учурда "тесттик" режимде эгилип жатат. Эгер ал үрөндөр биздин жерге өнүп кете турган болсо, анда бир гектарына 6-12 тонна түшүм алынып, Талас облусу "төө буурчактын" мекени катары дүйнөгө дүң дей түшөөрү айкын. 

Анын алкагында бул үрөндү жалпы Талас облусунун дыйкандарына таратуу механизми иштелип чыгып, атайы комиссиянын негизинде  дыйкандарга бирге-бир таратылат. Эгерде тесттик режимде эгилген үрөн өнүп кете турган болсо бул үрөндү жана жогорудагы 50 гектар жерге эгилген үрөн менен бирге элге бериле баштайт. Ушул багыт менен кетип олтуруп 2020-жылы 200 гектар жерге эгилип элге таратылса, 2021 - жылы мындан эки эсе көп жерге эгилет. Ошентип 2022-жылы Талас облусу боюнча 57 миң гектар жер жана дыйкандар толугу менен  "төө буурчактын" жаңы үрөнү менен камсыз боло алат.

Мисалы, төө бурчакты экспорттоо жагынан алдыңкы өлкө болгон Аргентинада төө буурчактын баасы сом менен алганда 50 сомду түзөт, бирок түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан алар гектарына  5-10 тоннадан алып дыйкандардын мээнети акталып жатат. Жогорудагы демилге ийгиликтүү ишке ашып, дыйкандарыбыз толугу менен түшүмдүүлүгү мол үрөн менен камсыз болуп, гектарына 5-8 тоннадан алса, "төө буурчактын" баасы стабилдүү түрдө 30 сомдон болуп берген күндө дагы мээнеттери акталып, мол киреше табышат. 

Ал эми дыйкандарга бирге-бир берилген үрөндүн бөлүгү облуска кайтарылып, элден түшкөн "төө буурчактарды" сатуу менен ал каражаттарга облустагы бир топ социалдык көйгөйлөр чечилип, дыйкандар менен кошо Талас облусун дагы өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт.

ЧЫНДЫК

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады