Бардык жаңылыктар

Фото – Кыргызстан менен Россиянын ректорлорунун биринчи Форуму

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-мартта, Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» биринчи Форумуна катышты.
Форум Россиянын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга жасай турган мамлекеттик визитинин алкагында өтүп жатат.
Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө «биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр ортосундагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө, -деп баса белгиледи.
Форумдун максаты — эки тараптуу кыргыз-орус илимий-билим берүү кызматташуусун кеңейтүү. Анын ишине РФнын илим жана жогорку окуу жайлар министри Михаил Котюков, РФнын агартуу министри Ольга Васильева, Россиянын ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий баш болгон РФнын 70тен ашуун вуздарынын жетекчилери катышууда.
Кыргызстан тараптан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, өлкөнүн жогорку окуу жайларынын Ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 30тан ашуун ректорлор катышууда.
Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Ассоциациясы менен Россия Федерациясынын ректорлор союзунун кызматташуусу жөнүндө макулдашууга, ошондой эле Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу жана кызматташуу тууралуу 70тен ашуун эки тараптуу макулдашууларга кол коюлаары күтүлүүдө.









 


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады