Бардык жаңылыктар

Аскар Салымбеков Раиса Атамбаевага 3,5 млн. доллар турган вилла белек кылганбы?

“Фейсбук” социалдык тармагындагы “Комп.KG” баракчасы мурунку биринчи канайым Раиса Атамбаева тууралуу “Ханша Рая” аттуу видео жарыялады. Анда Раиса Атамбаева Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарында кире турганын, анын байлыгы бир канча жүздөгөн миллион доллар турары айтылат.

Раиса Атамбаева жолдошу президент болуп өлкөнү башкарып турганда кримдүйнөгө да таасири болгону, Раиса айым жолдошунун атынан кримдүйнөнүн лөгү “Камчи-кыргыз” (Камчы Көлбаев) менен иш алып барып, баңгизатты Кыргызстан аркылуу өткөрүп турганы сөз болот.

Ушул видеодо сөздөр тастыктала турган болсо, Раиса Атамбаеванын “Балам экөөбүздүн Кой-Таштагы үйүбүздөн башка жашай турган жерибиз жок. Аны дагы камакка алып койду. Көчөдө кала турган болдук” дегени байкуштун кейпин кийип жатканы ачык болот. Салымбеков дагы 3,5 млн доллар турат деген вилла жөнүндө өз пикирин айтса керек.

Булак: “Ring.kg”

Ал эми бул маалымат боюнча Аскар Салымбеков үн катып, бул маалымат чындыкка дал келбейт деп билдирди:

​​​​Ушак-фейктин да чеги болот!

Урматтуу достор! Акыркы учурларда социалдык тармактарда, айрым сайттар мен тууралуу чындыктын үлүшү жок, ойдон чыгарылган маалыматтарды удургутуп жатканын окуп калдым. 

Биринчиси, менин Солтон-Сарыдагы кытай компаниясы казып жаткан алтын кенинде үлүшүм бар имиш.  

Экинчиси, мен мурдагы президенттин аялы Раиса Атамбаевага 3,5 млн. долларга  вилла сатып берген имишмин. 

Булардын баары карандай калп. 
Андыктан, фейк-ушактын да чеги болот. Эгер, ушул эки факты боюнча иликтеп, таап чыгышса-ошол акциялар менен вилланы тапкандарга энчилеп берейин...

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!