Бардык жаңылыктар

Трамп «Чоң жети» уюмунда Орусия боюнча пикир келишпестиктер бар экенин ырастады

АКШнын президенти Дональд Трамп «Чоң жетиге» (G7) мүчө өлкөлөрдүн арасында уюмдун кийинки жылы Нью-Йоркто өтө турган саммитине Орусияны чакыруу тууралуу пикир келишпестиктер бар экенин ырастады.

«Айрымдары мени менен макул, башкалары макул эмес. Орусиянын кийинки саммитке чакырылышы «позитивдүү» жана «пайдалуу» кадам болот. Бирок бул маселе боюнча талкуунун жыйынтыгында эч кандай чечим кабыл алынган жок», — деп билдирди Трамп Франциянын Биарриц шаарында өткөн «Чоң жети» саммити тууралуу айтып жатып. Ал буга чейин уюмдун 2020-жылкы саммитине Орусиянын чакырылышы «толук ыктымал» экенин бир нече жолу айткан.

France Presse агенттигинин маалыматына караганда, G7 лидерлери талкуунун жыйынтыгында бир катар маселелер боюнча Орусия менен активдүүрөөк кызматташуу тууралуу макулдашып, бирок бул өлкөнүн «Чоң жетиге» кайтып келишине «өтө эрте» деген чечимге келишти.

«Чоң жетиге» Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония кирет. 2014-жылга чейин уюмдун курамында болуп келген Орусия Крымды аннексиялап алгандан кийин андан чыгарылган.

Буга чейин Франциянын президенти Эммануэль Макрон Орусиянын уюмга кайтып келүүсүнүн ачкычы «Украинада» экенин айткан. Германия дагы Украинада жаңжал уланып, Крым дале болсо аннексияланганын белгилеп, Орусиянын «Чоң жетиге» кайтып келишине каршы экенин билдирген. Канада менен Улуу Британиянын өкүлдөрү дагы ушул маанайда билдирүү жасашкан. Азырынча Италия менен Жапония лидерлери бул маселе боюнча позицияларын ачык билдирише элек.

Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония лидерлеринин эки күндүк жолугушуусу ишемби күнү башталган. Саммит АКШ менен Кытайдын ортосунда соода согушу күчөп, Улуу Британияда Брекзит өнөктүгү кезектеги чечүүчү этабына келип, дүйнөлүк климаттын өзгөрүшү актуалдуу маселеге айланып турган чакта өттү.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты