Бардык жаңылыктар

Ширин Мусанкары кызы, “Кыргызстан сулуусу – 2019” титулунун ээси: “Сынак калыс өткөн жок” деген адамдарга таңкалдым”


Рыскүл Намазбекова уюштурган «Кыргызстан сулуусу-2019» сынагы борбор калаабызда болуп өттү. Сынакка 31 бийкеч катышкан. Жыйынтыгында, баш байгени Ширин Мусанкары кызы жеңип алды. Ага баш байге катары автоунаа ыйгарылды. Биринчи вице-мисс наамын Ширин Буурабаева алса, экинчи вице-мисс Бегайым Абдразакова, үчүнчү вице-мисс Арина Рустамбекова болгон. Биз бүгүн баш байгенин ээси Ширин Мусанкары кызы менен маек курдук.

– Ширин, канча жаштасың, келечекте ким болгуң келет?

– Мен Бишкек шаарындагы №11 орто мектептин 11-классында окуйм. Келечекке көп максаттарым бар. Режиссер болууга кызыгуум артып жүрөт. Жеке студия ачып, кызыктуу видоклиптерди жараткым келет.

– Сынакта баш байгени алам деп күттүң беле?

– Албетте, күтүүсүз болду. «Кыргызстан сулуусу» титулун алуу мен үчүн чоң сыймык.

– Сулуулар сынагынан кийин көп сөздөр айтылып, нааразылыктар болуп калат эмеспи… 

– Эл, көпчүлүк адамдар «сынак калыс өткөн жок, тигиге тартып койду, буга тартып койду» дегендей кептерди айтып чыгышты. «Коррупция болуп кетти» дешти. Айтор, сынак канчалык калыс өтсө деле артынан түрдүү сөздөр айтыла берери көнүмүш адатка айланган экен. Калыстар тобу бир добуштан мени тандашты. Анан эле жогорудагыдай сөздөрдү айтып чыккан адамдарга таңкалбай койбойт экенсиң. Менин бул сынакта жеңип чыгышыма апамдын колдоосу күчтүү болду. Ал эми сынактын негиздөөчүсү, уюштуруучусу Рыскүл Намазбекова эже бизге көп нерседен тарбия берди. Эч качан жеңилбей, көздөгөн максатына жетүү үчүн баардык кыйынчылыкты жеңип, алга умтулууну үйрөтөт. Ал эжеге жашоомо өзгөрүү алып келгендиги үчүн ар убак жүрөгүмдө ыраазычылык жашайт.

– Кандай жигиттер жагат?

– Жоопкерчиликтүү, акылдуу, чечкиндүү, анан албетте келишимдүү мырзалар жагат.

Айдай Алибекова

Булак: «Азия ньюс»


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!