Бардык жаңылыктар

Олжобай Шакир, акын: "Каныбек Исаков 16 окуу корпус куруп, ОшМУда айлыкты 45000 сомго көтөргөн"

Акын Олжобай Шакир Билим берүү жана илим министрлигине Каныбек Исаковдун министр болуп келиши туура болорун жазып чыгып, ал талкууга алынып жатат. 

 
"Билим берүү тармагы, жылдан жылга, ал эмес күндөн күнгө ылдыйга кетти! Туташ билимсиздик күч азыр! Мындайда билим берүү системасын оңдой турган өтө тажырыйбалуу, креативдүү реформатор, ОшМУ ректору Каныбек Исаков КР Билим берүү жана илим министрлигин камчы салдырбай жолго коёт эле, аттиң! Бирок Акүй менен Көкүйдүн капкурсак чоңдору ушул орунду ыраа көрөр бекен К.Исаковго?! Мүмкүн коомчулук арасында бийликтен ушул талапкерди КР Билим берүү тармагына сунуштасак, кандай болор экен? 
Жанды кашайткан көрүнүштөр баарыбызга маалым: бүгүнкү күндө мектеп программасында китептер да, аттестаттар да толтура каталары менен чыгууда. Караңгылык каратаандай каптаган мезгилде бийликте отургандар билим тармагын оңоону ниет кылса, менимче, министрлик милдетке Каныбек Исаков өтө ылайыктуу фигура! ОшМУ бүгүн эларалык деңгээлге чыгып, Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын флагманына айланды. Андыктан, айланайын Акүй, агер илим-билимдүү коомду башкаргыңар келсе, татыктуу талапкердин бири дал ушул киши экенин эсиңерге алаар бекенсиңер?!"- Дейт Олжобай Шакир. 

Акындын мындай постуна түрдүү пикирлер жазылып жатат.

Umut Kultaeva:
- Каныбек өзү макул болбойт го деп.чочуп турам. Келсе сонун болмок.

Олжобай Шакир: 
-Кондуруш керек аны.  кыргыздын убалын ойлосоң, министр бол деп кыйнаш керек туш-тушунан. Болбосо Каныбек да оңой көнө койчулардан эмес, анткени ишинен майнап чыгып аткан кезде - ОшМуну да кыйгысы келбейт мүмкүн. Эл аралык аккредитациядан программалар өткөрүлүп, Казакстандын НААР агенттиги уюштурган улуттук рейтингде (2018-жыл, 2019-жыл) эки жыл катары менен генералдык рейтингде 1-орунду алганы эле эмнеден кабар берет? Демек, жетекчинин уюштуруу иши ушул ийгиликтерге жеткирип отурса керек...
ОшМуда бүгүн айлыктарды канчалык көтөргөнүнө эле көңүл бурсак: профессорлар - 45000 сом, доцент - 35000 сом, катардагы окутуучу 15000-20000 сомго чейин айлык алганы кандай ийгилик! Мындан сырткары, 16 окуу корпусу, спорттук аянтчалар, жатакана куруптур.

Курманбек Ниязбеков:
- Олжобай Шакир сиздин позитивдүү оюңузга кошулам. Өкмөттү садага чапкан менен убакыттан гана уттуруп жатабыз. Андан көрө өкмөттүн курамындагы министрликтерге эл каалап, ушул болсун деп жаткан кадрларды алып келип, талапты катуу коюп, камчылап иштетсе жыйынтык чыгарына ишенем. Анан эле Абылгазиев кайдагы куда, чудаларын коё берсе, алары өкмөт башчыга көө жаап, зыяндан башка пайдасы тийбейт экен.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Октябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады