Орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC турниринин кезектеги мушташында чемпиондук титулун АКШ мушкери Дастин Порьеге каршы коргоду. Спортчу үчүнчү раундда атаандашына муунтуу ыкмасын колдонуп жеңишке жетти.
Бул Нурмагомедов үчүн 28-жеңиш болуп, дагестандык мушкер дагы эле эрежесиз мушташта жеңилүү ызасын тарта элек.
Орусиялык мушкер Нурмагомедов 2018-жылдын октябрынан бери таймашка чыга элек. Ал акыркы жолу ирландиялык атаандашы Конор Макгрегорду жеңгенден кийин чуу салганы үчүн сегиз айга дисквалификацияланган.
UFCнин президенти Дэйна Уайт маалымдагандай, кийинки беттеште Хабиб Нурмагомедов дагы бир америкалык мушкер Тони Фергюсон менен күч сынашат. Ал эми орусиялык мушкер өзү Фергюсонду жеңсе, оор салмакка которуларын айтып келет.
Тектеш кабарлар
Нурмагомедов менен Фергюсон жазында беттешеби? Спорт // 14-10-2019, 11:39 |
Дүйнө чемпионаты: Кыргыз балбандары грек-рим күрөшүндө олимпиадалык бир жолдомо менен чектелди Спорт // 18-09-2019, 13:15 |
Мушкер Тони Фергюсон Хабиб Нурмагомедов менен беттешүүгө даяр экенин айтты Спорт // 11-09-2019, 14:05 |
Валентина Шевченко UFC`деги мыкты 15 мушкердин катарына кирди Спорт // 17-05-2019, 18:13 |
Макгрегор Диас менен үчүнчү ирет беттеше турганын убадалады Спорт // 22-03-2019, 11:09 |