Бардык жаңылыктар

Президент Сооронбай Жээнбеков Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 10-сентябрда, Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин төрайымы Элмира Барыктабасованы кабыл алды.

Кеңештин ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду. 

Президент Сооронбай Жээнбеков судьялар үчүн тандоо сынагынын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн өзгөчө баса белгиледи. 
Ал белгилегендей, сот-укуктук реформанын башында адамдык фактор турат. Буга байланыштуу судьялык кызматка бош орундарга талапкерлерди кароодо талапкерлердин кесипкөйлүгүнө гана эмес, алардын адеп-ахлагына, ыймандуулугуна да көңүл бурууга чакырды. 

Мамлекет башчысы ошондой эле айрым тоскоолдуктарды алып салуу максатында судьяларды тандоо процессин жөнгө салуучу мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуу зарылдыгына көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков катуу талаптар Судьяларды тандоо боюнча кеңешинин курамына дагы коюлуп жатканын кошумчалады, анын ишмердигинин толук ачыктыгын камсыздап, бардык мүмкүн болгон коррупциялык коркунучтарды жокко чыгаруу зарыл.

Элмира Барыктабасова Мамлекет башчысына сот-укуктук реформаны ишке ашыруунун алкагында Кеңештин ишмердиги, аткарылган жумуштардын натыйжалуулугу жана келечек пландар жөнүндө маалымат берди.

Белгиленгендей, 2017-жылдын декабрынан баштап, 2019-жылдын сентябрына чейин Кыргыз Республикасынын Президентинин кароосуна киргизилген 171 судьялык кызматына талапкерлердин ичинен 63 судьянын талапкерлиги негиздүү себептер менен четке кагылып, Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарылып берилген.

Тектеш кабарлар
Сооронбай Жээнбеков: Реформанын алкагында прокуратуранын укук коргоочулук функциялары биринчи планга чыгуусу зарыл
Куш кабар // 22-11-2019, 14:43
К. ДЖУНУШАЛИЕВ: МИЛИЦИЯ ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУП, ЭЛ МҮДӨӨСҮН ЧЕЧҮҮСҮ КЕРЕК, ЭГЕРДЕ МИЛИЦИЯ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕН КОЙГОН ТАПШЫРМАЛАРДЫ АТКАРА АЛБАСА, ЖАҢЫЧА ИШТЕЙ АЛБАГАН ЖЕТЕКЧИЛЕР ИШТЕГЕН ИШИНЕН КЕТИШ КЕРЕК
Куш кабар // 30-07-2019, 19:00
Президент Сооронбай Жээнбеков: Биз таза жана адилеттүү сот-укуктук системаны түзүү боюнча коом алдында милдетти алганбыз
Куш кабар // 3-07-2019, 08:11
Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү менин президенттик ишимдин артыкчылыктуу багыты болгон жана болуп кала берет
Куш кабар // 22-04-2019, 16:58
Президент Сооронбай Жээнбеков: Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет
Куш кабар // 12-03-2019, 14:53
Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!