UFC уюмунун президенти Дан Уайт орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун кезектеги атаандашы америкалык Тони Фергюсон боло турганын билдирди.
“Хабиб Нурмагомедовдун кезектеги мелдеши Тони Фергюсон менен болушу мүмкүн. Албетте, эгер Тони бул сунушка макул болсо, анда Хабиб менен Тони беттешет”, - деди Уайт.
Бул билдирүүдөн кийин америкалык мушкер бул мелдешти көптөн бери күтүп келгенин кошумчалап, Хабиб Нурмагомедов менен мелдеше турганын жар салды. Эгер экөө беттеше турган болсо, мелдеш ушул жылдын декабрь айында болот.
Буга чейин Тони Фергюсон менен Хабиб Нурмагомедовдун мелдеши төрт жолу уюштурулуп, бирок төрт жолу тең кандайдыр бир себептерден улам болбой калган.
Буга чейин UFC 242 турниринин алкагында Хабиб Нурмагомедов америкалык Дастин Порьени жеңип, наамын коргоп калган.
Тектеш кабарлар
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |
Азимбек Бекназаров, мурунку башкы прокурор: “Ак үйдө башкача оюн жүрүүдө… Президент мени менен жолукпай коюшу мүмкүн” Маек // 11-10-2019, 11:45 |
Хабиб Нурмагомедов Дастин Порьени жеңип, чемпион бойдон калды Спорт // 8-09-2019, 10:14 |
Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры Саясат // 25-06-2019, 11:00 |
МААНИЛҮҮ МАЕК - Мелис Мырзакматов: “МАГА ЭЧ КИМ, ЭЧ КАЧАН КОРРУПЦИЯ БОЮНЧА КИНЕ КОЙГОН ЭМЕС...” Маек // 23-03-2019, 07:36 |