Бардык жаңылыктар

Бишкекте адамдын жүзүн тааный турган 800 видеобайкоо камералары орнотулду

«Коопсуз шаар» долбоорунун биринчи баскычы ишке ашып, адамдын жүзүн таануу функциясы бар 800дөн ашуун видеобайкоо камералары орнотулду. Мындай маалыматты премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Коррупцияга каршы кеңештин жаңы курамдагы жыйынында айтты.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, премьер-министр Бишкекте аппараттык-программалык комплекстер жайгашкан тилкелерде жол кырсыктары 46,9 пайызга азайганын айтты. 2018-жылы 81 жол кырсыгы катталса, быйыл 43 учур катталган. Ошондой эле жол кырсыгынан жаракат алгандардын саны 51,8 пайызга кыскарган.
«Учурда «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи баскычын жүзөгө ашыруу боюнча иштер жүрүүдө. Ал республиканын бардык 7 облусунун, республикалык маанидеги 2 шаардын, 15 облустук жана райондук маанидеги шаардын, өлкөнүн 73 калктуу пунктунун аймагын камтышы керек», — деп белгилейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Булак:Де-Факто

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!