Бардык жаңылыктар

Бишкекте коомдук транспортторго электрондук карталар чыгарылды

Бишкек шаарында коомдук транспорттордун жүргүнчүлөрү үчүн жаңы бирдиктүү электрондук карталар чыгарылды. Тагыраагы, алгач пилоттук режимде 10 автобус жана 10 троллейбус электрондук төлөм системи аркылуу иштейт. Мындай маалыматты Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлады.

Белгилүү болгондой, мектеп окуучулары үчүн аты көрсөтүлгөн карточкалар жасалат. Автобус жана троллейбус каттамдарын пайдалануу үчүн карточкалар октябрь-ноябрь айларында берилет. Ал эми 2020-жылдын февраль айынан тарта маршруттук каттамдар үчүн бериле баштайт. 
Электрондук систем үчүн карталарды даярдоо тендерин "BPC AG" швейцариялык компаниясы утуп алган. Бүгүнкү күндө компания карточкалардын пилоттук үлгүсүн көрсөттү. Карточкадагы жазуулар кыргыз жана орус тилдеринде болот. Бир карточканын баасы 50 сом. Ал эми окуучулар үчүн бир карточканын баасы 1 айга 175 сомду түзөт. Окуучулар мектепти аяктаганга чейин бир эле карточканы колдонот. Эгер жоготуп же кандайдыр себептер менен жараксыз кылып алган болсо 50 сомго жаңысын ала алат. Карточкадагы балансты толуктоо Pay24 терминалы аркылуу жүргүзүлөт. 

Андыктан мэрия ата-энелерге балдарынан жеке маалыматтарды алуу учурунда түшүнүү менен мамиле кылуусун суранат.
Бишкек шаардык кеңешинин №312 токтомуна ылайык, 7 жашка чейинки балдарга, пенсионерлерге жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга, почточуларга транспорттук каттамдарда акысыз жүрүү тартиби сакталат. Аларга карточкалар акысыз берилет.

Булак:Де-Факто


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031 



Видео // 11:56
ВИДЕО – Адахан Мадумаров Өкмөт башчы Абылгазиев менен Жеңиш Разаков тууралуу курч сөз айтты
Видео // 13:29
Темир Сариев орчундуу жана омоктуу оюн ортого салды...
Видео // 17:50
Рыскелди Момбеков митингде Матраимов жана коррупция боюнча катуу айтты
Видео // 18:21
Жамалдинов: Курсан Асановдун иши туура бааланышы керек!
Видео // 18:06
Рыскелди Момбеков: Курсан Асановго ордер эмес, орден бериш керек!