Бардык жаңылыктар

"Талибан" кыймылынын өкүлдөрү Москвага барышты

"Талибан" кыймылынын делегациясы 12-сентябрда Москвага барып, Ооганстанда тынчтык орнотуу жаатында орусиялык өкүлдөр менен жолукту. Бул визит АКШ президенти Дональд Трамптын "Талибан" менен тынчтык келишимин түзүү тууралуу бир канча айдан берки сүйлөшүү биротоло токтогонун айткан учурга туш келди.
Орус тарап жолугушуу учурунда талибдер менен АКШнын ортосунда сүйлөшүүлөр кайрадан жанданышы керектигин айткан. Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарованын айтымында, Москва Ооганстандан чет элдик аскерлердин чыгып кетиши - өлкөдө узак мөөнөттүү тынчтыкка шарт түзөт деп эсептейт.
"Талибан" делегациясынын башчысы Шер Мухаммед Аббас Станикзай RT телеканалына маек куруп, кыймыл Вашингтон менен сүйлөшүүнү жандантууга макулдугун, эгер улантылбаса, ооган жергесиндеги соккулары улана бере турганын билдирген.
Талибдердин лидерлеринин дагы бири кыймыл эл аралык сүйлөшүүлөрдө Орусиянын, Кытайдын, Ирандын жана Борбор Азиянын колдоосуна ишеним арта турганын "Reuters" агенттигине айткан.
Орусияда бул кыймыл расмий түрдө "террордук уюм" деп таанылган. Ага карабай, "Талибан" делегациясы буга чейин да Москвага бир канча ирет барган.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:11
Эл билет/ Кыргызстан жаштарынын билиминин сапаты кандай?
Видео // 15:33
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам
Видео // 15:31
Сот тармагына көлөкө түшүргөн соттор
Видео // 15:29
Санарипти ишке ашыруу талабы
Видео // 15:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди