Бардык жаңылыктар

Күрөш чемпионаты: Тынар Шаршенбеков алгачкы беттеште жеңди

Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны Тынар Шаршенбеков алгачкы атаандашын жеңди. Ал 63 килограммга чейинки салмакта болгариялык Румен Савчевди 8:1 эсебинде утуп, чейрек финалга чыкты. Эми жапониялык балбан Шиноби Ота менен беттешет.
Чемпионат Казакстандын борборунда 14-сентябрда башталды. Ага Кыргызстандан 22 балбан катышууда. Буга чейин Асан Сулайманов (55 кг.), Руслан Царев (72 кг.) жана Калидин Асыкеев (82 кг.) алгачкы беттештеринде жеңилип калышты.
Кыргызстандан баргандардын арасында Каныбек Жолчубеков, Атабек Азизбеков, Үзүр Жусупбеков, Айсулуу Тыныбекова ж.б. бар. Бул чемпионатта олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Алдыңкы бештикке кирген балбандарга лицензия берилет. 

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:11
Эл билет/ Кыргызстан жаштарынын билиминин сапаты кандай?
Видео // 15:33
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам
Видео // 15:31
Сот тармагына көлөкө түшүргөн соттор
Видео // 15:29
Санарипти ишке ашыруу талабы
Видео // 15:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди