Бардык жаңылыктар

Магомед Мусаев менен Марат Мураталиев 300дөн ашуун балага кубаныч тартуулады


Бүгүн 14-сентябрда Атай Огонбаев  атындагы музыкалык мектептин имаратынын алдында  “Мектепке даярдык” атуу атайын кайрымдуулук иш чарасы болуп өттү.  Иш  чаранын жүрүшндө  Талас облусу боюнча  социалдык жактан жардамга муктаж болгон 300дөн ашуун баланын ар бирине  жалпы наркы 7000 миң сомду түзгөн спорттук кийим,  эки  түрлүү кофта,  жылуу күрмө,  спорттук бут кийим,  мектеп сумкасы,   мектепке керектүү шаймандар  жана татуулар   белекке берилди. Берилген   жардамдын  жалпы суумасы 2 миллиондон ашуун каражатты түздү.   Балдарга  мындай кубанычты  “Ихсан хайрия”  Кайрымдуулук  фондунун төрагасы  Магомед  Мусаев менен  Өкмөттүн   Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү  Марат  Мураталиев  тартуулашты.

 Ыйгарым укуктуу  өкүл  Марат Мураталиев “Ихсан хария” Кайрымдуулук фондунун  төрагасы  Магомед  Мусаевди,   төрага  орун басары  Исламбек Мурзакаримовду  жана Кайнар айылынын тургуну  Нурбай Анарбековду  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын  ыраазычылык каты менен   сыйлады.  Белгилей кетчү жагдай белек алган балдардын  тизмеси   райондук  социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрү тарабынан түзүлгөн.   

Марат Мураталиевдин айтымына караганда  эки тараптуу кызматашуу  мындан  ары да жемиштүү уланып   келечекте муктаж  болгон үй-бүлөлөргө  үй-салып берүү жагы  каралууда.


Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:11
Эл билет/ Кыргызстан жаштарынын билиминин сапаты кандай?
Видео // 15:33
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам
Видео // 15:31
Сот тармагына көлөкө түшүргөн соттор
Видео // 15:29
Санарипти ишке ашыруу талабы
Видео // 15:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди