Бардык жаңылыктар

Өлкө аймагында авариялык абалдагы 190 мектептин имараты бар, ал үчүн 13 млрд сом талап кылынат

Каржы министрлигинин маалыматына караганда, капиталдык салымдардын титулдук тизмесинде камтылган объектилер азыркы учурда 75 пайызга гана каржыланган. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде 2019-жылдын бюджетиндеги «Капиталдык салымдар» беренесинде каралган объектилердин курулушу жана каржыланышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондон улам, депутат Зиядин Жамалдинов капиталдык салымдарга кирген объектилердин тизмесин эртелетип бекитүү зарылдыгын белгиледи. «Быйылкы тизме июнь айында бекитилди. Мыйзамга ылайык, тизме бюджет кабыл алгандан кийин бир айдын ичинде бекитилиши керек болчу, андай болгон жок. Канча убакыт бекерге кетип жатат? Мындай абал жылдан-жылга кайталанып келет, токтотуш керек», – деди ал.
Депутат Төрөбай Зулпукаров Нарындагы «контейнер-мектептин» чатагын өкмөт өкүлдөрүнүн эсине салып, азыркы учурда өлкө аймагында канча контейнер мектеп иштеп жатканына кызыкты.
Билим берүү министри Каныбек Исаков Кара-Суу жана Нарын райондорунда бирден мектеп бар экенин, ал эми чатырларда окуткан мектептер жок экенин билдирди.
Министрдин мындай маалыматына анчалык ишене бербеген депутат ушу тапта Ноокат районуна караштуу Жаш айылындагы окуучулар чатырга окуп жатканын айтты. Ла «Сауд Аравия фондунун 30 млн доллар каражатына салына турган мектептер боюнча ратификациялык келишим эмне үчүн создугуп жатат?» деген собол салды.
Министрликтин статс-катчысы Самат Бөрүбаев кеӊеш берүүчү компанияны тандоо маселесинде кыйынчылыктар болуп жатканын билдирди. «Биринчи компания менен контракт бузулган. Ахыр экинчи компания менен иштетип жатабыз. Буюрса, фонддун каражатына 27 мектеп курулат», – деди ал.
Белгилей кетсек, азыркы учурда өлкө аймагында авариялык абалдагы 190 мектептин имараты бар. Бул көйгөйдү чечүү үчүн 13 млрд сомдон ашуун кошумча каражат талап кылынат.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады