Бардык жаңылыктар

Өкмөттө Финансылык чалгын мамлекеттик кызматынын жана КЖБР ортосунда маалымат алмашуу маселеси талкууланды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин жана Финансылык чалгын мамлекеттик кызматынын ортосунда маалымат алмашуу боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Белгилей кетсек, террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштырууга, ошондой эле экстремисттик ишмердүүлүктү каржылоого жана массалык жок кылуу курал-жарактарын жайылтууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында маалымат алмашуу зарыл.
 Мындан тышкары өз ара маалымат алмашуу «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасын аткарууга багытталган.
Кеңешменин жыйынтыгы боюнча вице-премьер-министр Жеңиш Разаков колдонуудагы мыйзамдарды эске алуу менен зарыл маалыматтарды Финансылык чалгын мамлекеттик кызматына берүүнү шарттаган Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринин атайын модулун түзүү маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 12:11
Эл билет/ Кыргызстан жаштарынын билиминин сапаты кандай?
Видео // 15:33
Бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам
Видео // 15:31
Сот тармагына көлөкө түшүргөн соттор
Видео // 15:29
Санарипти ишке ашыруу талабы
Видео // 15:28
Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди