Республиканын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан калк арасында жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө ок атуучу куралдарды,ок-дарыларды өз эрки менен тапшырган бир нече факты катталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Кечээ, 25-сентябрь күнү милиция кызматкерлерине Бишкек шаарынын Арча-Бешик жаңы конушунун 1989-жылы туулган жашоочусу Ж. Э. атасынан калган ИЖ-27 үлгүсүндөгү 12-калибрдеги мылтыгын 27 даана огу менен жана 5,6 мм калибрдеги 20 даана кутучадагы (ар биринде 50дөн) 1000 даана огун өткөрүп берген.
Ал эми, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочусу 1980-жылы туулган Х. К. чоң атасынан калган К-16/2 үлгүсүндөгү ок атуучу куралын ѳз ыктыяры менен тапшырса, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну 1991-жылы туулган А. К. мыйзамсыз сактап жүргѳн Иж-12 үлгүсүндөгү 16-калибрлүү ок атуучу куралын ѳз ыктыяры менен тапшырган факты катталган.
Ошондой эле, 24-сентябрь күнү Нарын облусунун Кочкор районунун тургуну 1984-жылы туулган К. у. Б. Чолпон айылынын токоюнан мал издеп жүрүп, 32-калибрдеги ок атуучу курал таап алып, милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен өткөрүп берген.
Кыргыз Республикасынын ИИМи эскертет: Эгерде жарандар ок атуучу куралдардын ээси болбосо, аны сактоого, колдонууга уруксат берилбейт. Ок атуучу куралды тез арада ички иштер органдарына тапшыруу керек, анткени кылмыш жоопкерчилигине тартылып калышыңар мүмкүн. Мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-даарыларды, жарылуучу заттарды өз эрки менен тапшыргандар кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Ок атуучу куралдарды өз эрки менен тапшыруу максатында ички иштер органдарына баруу милдеттүү эмес, милицияга телефон аркылуу чалып, ок атуучу куралды жана ок-даарыларды өз эрки менен тапшыра турганыңарды билдирүү менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүнө маалымдап коюу керек. Бул учурда жарандар ок атуучу куралды сактагандары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.
Тектеш кабарлар
Дүйнөнү дүңгүрөткөн Чыңгыз хан кыргыз болгон Коом // 12-10-2019, 14:54 |
“Кара-Суу базарындагы” кара тактар Саясат // 9-09-2019, 09:51 |
К. ДЖУНУШАЛИЕВ: МИЛИЦИЯ ЭЛ МЕНЕН БИРГЕ БОЛУП, ЭЛ МҮДӨӨСҮН ЧЕЧҮҮСҮ КЕРЕК, ЭГЕРДЕ МИЛИЦИЯ ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕН КОЙГОН ТАПШЫРМАЛАРДЫ АТКАРА АЛБАСА, ЖАҢЫЧА ИШТЕЙ АЛБАГАН ЖЕТЕКЧИЛЕР ИШТЕГЕН ИШИНЕН КЕТИШ КЕРЕК Куш кабар // 30-07-2019, 19:00 |
Айлакер Раимбек Матраимовдун ийгилигинин сыры Саясат // 25-06-2019, 11:00 |
ИИМ: ИИМдин Басма сөз кызматы ички иштер органдарынын тутуманда түзүлгөнүнө 35 жыл толгондугун белгилөөдө Куш кабар // 20-04-2019, 19:37 |