Бардык жаңылыктар

Укмуштуунун тɵɵсү жорго! Министр Чодуевдин «кечиккен махабаты» Беккулуева «Береке» пансионатын мыйзамсыз менчиктештирип алганбы?

Чегара тутанган чыр-чатактар менен Улуттук кɵчмɵндɵр оюндарындагы шаан-шɵкɵттɵр жалпы коомчулуктун назарын ɵзүнɵ буруп, мамлекеттин эсебинен Кытайда эс алдырууга жибермекчи болгон министр Эркинбек Чодуевдин «кечиккен махабаты» Анаркүл Беккулиева тууралуу уу-дуу кептин багыты башка жакка бурулуп кеткенсиди. Кыргыз журту мындай ыплас ишти кɵзжаздымда калтырбашы керек, моралдык жактан бузулган жана мыйзамсыз иштерди жасаган адамдарды жогорку бийликте манчыркатпастан, юридикалык жоопкерчилик тартышын талап кылышыбыз шарт.  

Биринчиси, Чодуев министрликтеги «жакын адамы» Анаркүл Беккулиеваны буга дейре Швеция, Япония сындуу бир нече чет ɵлкɵдɵ сайрандатып, акырында Кытайга мыйзамсыз негизде шапар тептирүүгɵ жандалбастап жаткан маалда тузакка илингени факты. Аны Башкы прокуратура дагы тастыктап, Беккулиеванын сапарынан эки мыйзам бузууну аныктаган. Анда Беккулиеванын ээлеген кызматы министрдин орун басарынын деңгээлинде эместигин жана Кыргызстандын «Мамлекеттик органдардын тышкы саясат тармагындагы ɵз ара байланышы жɵнүндɵгү» мыйзамдын талаптары бузулганы айтылып, күнɵɵлүү тараптар жоопкерчиликке тартылышы керектиги белгиленген. 

Экинчиси, Чодуев министрликке келгенге чейин алдамчылык менен шугулданып, «Коттон Оушен» фирмасынын бир миллион долларга чуккул каражатты которуп кеткени айтылып чыккан. Аталган кылмыштуу окуя боюнча 2011-жылы 17-мартта Ош облусунун ИИМи тарабынан тиешелүү адамдарга иш коголгонун да билдик. Мындан сырткары, 2010-жылы ɵлкɵнү канга чылаган сепартисттердин анабашчысы болгон Жалолиддин Салохиддиновдун менен коюн-колтук алышып, анын «Лиматекс» пахта тазалоочу корпорациясын улутташтыруудан калкалап калган. Бул далил да Чудуевдин шойкомдуу экенин тастыктайт. 

Үчүнчүсү, биз сɵз кылып жаткан айыл-чарба министрлигиндеги бɵлүм башчы Анаркүл Беккулуева Ысык-Кɵл районунун Бактуу-Долоноту айылындагы «Береке» кооперативин жасалма мɵɵр менен тартып алганы айтыла баштады. Кɵп ɵтпɵй жамааттын арызы менен жасалма мɵɵр боюнча Беккулуевага кылмыш иши козголгонбу? Же суудан кургак чыгып кеткенби? 

Тɵртүнчүсү, Беккулуева Россиянын жараны экени туурасындагы маалымат бийликтин бүт бутактарына жеткен. Жетмек турсун, Беккулуева бɵлɵк ɵлкɵнүн жараны катары «Мамлекеттик кызмат жɵнүндɵгү» мыйзамдын 11-беренесинин 6 бɵлүгүн бузганы, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганы Жогорку Кеңештин депутаты тарабынан айтылып, тез арада кылмыш ишин козгошу керектиги боюнча Башкы прокуратура ɵтүнүч келтирилген.


Баса, жасалма мɵɵр боюнча кылмыш ишти «сүйүшкɵндɵр» жең ичинен жаптырып тынышкан экен, жакынкы күндɵрү кайрадан жанданары боюнча маалыматтар келди. Тагыраак айтсак, Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары А.Осмоналиев ИИМге билдирме жɵнɵтүлгɵнүн белгилеп, ИИМ тергɵɵчүсү Н.Раимкулова тарабынан токтотулган Беккулуеванын №2-16-1023 иши кайрадан иликтенерин «Береке» кооперативинин жетекчиси С.Усубалиевге билдирген. Демек, жакынкы күндɵрү Беккулуеванын тайраңдаган доору бүтүп, чекит коюлганы туру. Тийиштүү органдардан мыйзамдуулукту үмүт этип туралык.

Камчы Кадыров

Редакциядан: Министр Эркинбек Чодуев менен айыл-чарба министрлигиндеги бɵлүм башчы Анаркүл Беккулиеванын ɵзүм билемдиги боюнча узун сабак кеп кылып сандан-санга жазып келе жатабыз. Бирок, биздин «каармандар» ооз ачып ɵз чындыгын айтып койгонго жарай элек. «Унчукпаган уйдай балээден кутулат» дегендей үн-сɵзсүз олтурушат. Демек, унчукпаганы макул болгонубу? Буга эмнеге чара кɵрүлбɵйт? Же министр Чодуевдин таяганы «таңкабы», болбосо гезит аркылуу берилген суроолорго министр мырза жооп бербейби? Суроо берилип аткандан кийин актансын да…

Булак:Де-Факто
 





Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Январь 2021    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады