Бардык жаңылыктар

Каныбек Осмоналиев, профессор: “Асановдун элине ак кызмат кыла турган күндөрү али алдыда...”

Мекенчил уул
Аттан аттын неси артык, ашыра баскан  изи артык.
Эрден эрдин неси артык, эл үчүн күйгөн жаны артык

Барсбек Каган

Кесипкөйлүктө эмгегиңдин кайтарымы, ишиңдин ийгилиги тажрыйба жаратып, ошондон гана байкалат эмеспи. Курсан Асанов да алгачкы иш тажрыйбасын  жөнөкөй ОМОНдун жоокеринен баштап, милициянын полковниги, анан генерал чинине чейин  жеткен. Албетте, таза иштеп элдин ишеничин актаган адам гана  убадага бекем туруп,  ак кызмат өтөйт. Кандай кырдаал, кайсы мезгил болбосун, генерал  үчүн элинин туруктуулукта жана тынчтыкта жашашы бийик тургандыгы чындык. КРдин ИИМдин орун басары катары бардык улуттардын кызыкчылыгын коргоо жана күнөстүү Кыргызстаныбызга тынчтык орнотуу – башкы милдетим деп айткандыгына жалпы журт күбө. Ал өзүнүн жоопкерчиликтүү ишинде өлкөбүздө  биринчиден мыйзам бийлигин жетекчиликке алуу менен тартипти сактоо үчүн аракет жүргүзүп келди.

    Асанов элдин пикиринде...

Курсан Асановдун кесипкөйлүгү жана адамдык сапаты кандай?

-Мен генерал Курсан Асановду 2010-жылдан бери билип калдым. Анын ошол кездеги Ош окуясындагы аткарган иштери, кылган эрдиги элге белгилүү. Асанов Ошто көптөгөн адам өмүрүн сактап калган, кесипкөй офицер. Ал кезде кан төгүлүп, ок атылып жаткан кезде тайманбай эки элди тең аралап, арачалап жүргөн. Мына ошол башаламандыкты жөнгө салууда Курсандын иш-аракети даана билинди. Анын жасаган иш-аракеттеринин өлчөөсүн кайда жана качан болбосун айтып келемин жана айта бермекчимин. Ал накта элдик баатыр!!! Экинчи жолу 5-чакырылыштын депутаты болгондо байкадым. Анда дагы абдан активдүү иштеди. Абдан адамгерчиликтүү жан. Кийин аны ИИМдин министринин орун басары кылышты. Ал жерде дагы жемиштүү  иштеди. Генерал Курсан Асанов төрт тарабы төп келишкен инсан. Анын кыргыз элине ак кызмат кыла турган күндөрү  али алдыда!

Булак:Жетиген журналы

Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Февраль 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
242526272829 



Видео // 17:39
ВИДЕО - Садык Шер-Нияз: Текебаевдин сотун бийлик өз кызыкчылыгына пайдаланбасын
Видео // 16:52
ВИДЕО – Текебаев: “Абал чатак. Өкмөт жетекчи болгондун ордуна жетеленме болуп калды”
Видео // 16:31
ВИДЕО - Момбеков Ата Мекендин жыйынында катуу сүйлөп, калың элди дүрбөттү
Видео // 17:39
ВИДЕО – Текебаев президенттин кайрылуусу жана саясий абал боюнча омоктуу оюн ортого салды
Видео // 17:05
Темир Сариев президенттин кайрылуусу жана учурдагы саясий кырдаал боюнча таамай айтты