Бардык жаңылыктар

Айыл чарба министрлигинин бөлүм башчысы Анаркүл Беккулиева өз чындыгын айтты…

Экинчи тарап...

Буга чейинки гезитибиздин чыгарылыштарында Айыл чарба министри Эркинбек Чодуев тууралуу сын материалдар жарыяланып, бир нече ирет собол салынган эле. Тилекке каршы, жооп болгон жок. Ал  макаланын ичинде министрликтин бɵлүм башчылык кызматын аркалаган Анаркүл Беккулуеванын да аты аталган эле. Анаркүл айым редакцияга келип, жалган жалаага кабылганын айтып зыркырап, ɵз чындыгын айтып берди. Кытайга жɵнɵтүлгɵн каттан баштап, Россия жарандыгы, «Береке» пансионаты жɵнүндɵ кеп учугун козгоду. Ɵзү менен кошо «Береке» кооперативинин тɵрагасы жана аткаруучу директорун ээрчите келиптир, ММКнын мыйзамына ылайык экинчи тараптын пикирин угуп, аны гезит бетине жарыялоону эп кɵрдүк. 


Биринчиден: 


--Айыл чарба министрлигинде 22 жылдан бери иштеп жүрɵм, ɵз ишин так билген адистердин биримин. Кɵптɵгɵн программалардын кабыл алынышына катышкам, ар кандай мыйзамдарга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү боюнча иштегем. Ɵзүмдүн таза эмгегим менен бɵлүм башчылыгына чейин жеттим. Конкурс менен бекигем. Эмгек жолумда бир да эскертүү алып кɵргɵн эмесмин. Анан «Ит күлүгүн түлкү сүйбɵйт» дегендей, министрликтин ичинде ичитар, кɵралбас пенделер бар. Ошондой адамдардын кесепетинен кайдагы бир кат чыгып, жалган жалаага кабылып отурам. Министрдин орун басарынын рангында деген кат боюнча менин эч кандай маалыматым жок. Менин билгеним, биздин министрлик кытайдын жана дагы бир ортомчу компания менен бирге ШКУнун алкагында меморандумга кол койгон. Ага ылайык, соода логистикалык борборун Кыргызстанга куруу боюнча сүйлɵшүүлɵр жүргүзүлмɵк. Жарманкеде ошол сүйлɵшүүлɵр болуп калышы мүмкүн, барып келсеңиз болот деген сунуштар түшкɵн. Азык-түлүк коопсуздугу бɵлүмүнүн башчысы катары кат жɵнɵтүлгɵн. Кɵп ɵтпɵй жарманкеге министрдин орун басары гана катыша алат деген маалымат келген. Андай болсо, мен баралбайм деп эмгек өргүү алып, үй-бүлɵм менен Турциядагы сиңдиме кеткем. Кийинки кат кайдан чыкканын билбейм. Мен Турцияда жүргɵндɵ министрдин ойношу деген ушактар тарап кетиптир. Ал катка менин эч кандай тиешем жок. Бирɵɵ жасаган катка мен эмне үчүн жооп беришим керек? 


Экинчиден: 

--Эркинбек Ураимович министрдин орун басары болуп бекигенден баштап иштештим. Мен жетектеген бɵлүмдү түздɵн-түз кɵзɵмɵлдɵп келген. Бул киши менен иш боюнча гана мамилем болбосо, башка байлынышым жок. Үй-бүлɵсүн дагы билбейм, ɵзү менен да кол алышып учурашып кɵргɵн эмесмин. Ɵзүмдүн ишимди аткарам, башка мамиле жок. Ушакты кɵралбастар чыгарды. Жалган жалаа жабышты. Менин үч балам бар, жаркыраган күйөɵм бар, жашым 55ке келди, кайдан жүрүп кɵңүлдɵш болом?! Ушакты да ишенгидей кылып айтышпайбы! Эгер үй-бүлɵм жок жаш кыз болсом, же ажырашкан келин болсом бир жɵн! Менин түшүмɵ да кирбеген нерсе. Эркинбек Ураимовичтин да үй-бүлɵсү бар.


Үчүнчүдɵн:

-- «Береке» пансионаты боюнча да курулай жалаа жабылыптыр. Ал элдики, 30дан ашык жеке менчиктин ээлери бар, аны мен менчиктештирип ала албайм. 2000-жылдары министрликтин эмгек жамаатынын жана пансионатта иштегендердин стажысына жараша бɵлүнүп берилген. Менин 100 миң сомго сатып алган жерим бар, башка эч нерсем жок. Азыр кооперативдин шайланган тɵрагасы жана директору бар, менин тиешем жок. Ал жакты Усубалиев деген алдамчы былгытып жатат. Кооперативдин мүчɵлɵрү кетиргенде, «мɵɵрүн жоготтум» деп бербей койгон. 3-4 жылдан кийин жамааты чогулуп, мени жетекчи кылып шайлашкан. Үч жыл мɵɵрү жок иштедик. Анан соцфонд, салык ж.б. отчет бериш керек болду. Ошондо комиссия түзүлүп, баарын иликтеп, анан жалпы чогулушта жаңы мɵɵр жасоо чечими кабыл алынган. Мыйзамга ылайык мурдагы мɵɵр жараксыз деп табылышы тууралуу газетага чыгарылып, тийиштүү органдарга билдирме жɵнɵтүлүп, баардык процедуралар аткарылгандан кийин жаңы мɵɵр жасалган. Жаңы мɵɵр жасалып, үч жыл иш жүргүзүлгɵндɵн кийин Усубалиев мурдагы мɵɵрдү алып чыгып, органдарга кайрылыптыр. Алар жалгыз менин ɵзүмɵ эмес, «жасалма документ» деген негизде бир топ кишиге иш козгоп, бир нече жыл текшерип, акырында жоголду делген мɵɵрдү жараксыз деп табышкан. Кылмыш ишин кыскартып, жаңы мɵɵргɵ уруксат беришкен.


Тɵртүнчүдɵн: 

--Дагы бир жалган жалаа Россиянын жараны деген жерде жабылыптыр. Мен ɵмүр бою Кыргызстанда жашагам. Ɵз ɵлкɵмдɵ жашап жүрсɵм, анан кантип Россиянын атуулу болом? Ачык айтып коеюн, бул ушакты Орозкожоева деген бекерпоз тараткан. Убагында жазып, текшерткен, жалган экени аныкталган. Кɵрсɵ, мен Россияда байкем үй алганда барып келсем, «энелик капитал» алды деп сɵз таратыптыр. Үч балам тең ушул жерде тɵрɵлдү, анан орустар эле мага бере коймок беле? Кийинки жылы Турцияга эмгке өргүү алып кетсем, качып кетти деген имиш таратты. Бул түзмɵ-түз мени кɵралбагандардын чыгарганы. 


Бешинчиден:

-- Усубалиев арамзалыгын токтоткон жок, бүгүнкү күнгɵ чейин документти бербей келе жатат. Анын бербеген себеби, ал мыйзамсыз жер алып, эки кабат катеж салган. Ошону мыйзамдаштыра албай жанталашып жатат. Андан сырткары, депутат Э.Сурабалдиева кайра-кайра ушул маселени кɵтɵргɵнгɵ аракеттенүүдɵ. Анын себебин да айтып кетейин, Сурабалидиеванын Жамакеева Назгүл деген жакын курбусу биздин айыл чарба министрлигинин астында долбоордо иштейт. Ишин билбейт, бирок 45 миң айлык алат. Анализ кылсаң, балдарга жардам берсең болбойбу, сендей иштегендер 10 миң алат дегем, ал Сурабалдиевага барып «Беккулуева мени иштетпей жатат» деп даттаныптыр. Анан ал парламенттен чыгып, кысым кɵрсɵткɵнгɵ аракеттенүүдɵ. Баса, министрликте экспорт кылынган тооктун этине квота бар. Ошол тармакта Сурабалдиеванын ɵзүнүн жеке фирмалары бар экен. Аны ɵткɵрүш үчүн, ɵзүнүн кызыкчылыгын коргош үчүн министрди сындап жатат. 


Сүйүмкан Абакирова, «Береке» кооперативинин аткаруучу директору:


--«Береке» кооперативи боюнча айтсам, Усубалиев Сүйɵркул деген үч жыл жетекчи болуп, отчет бербей койгондо тɵрагалыктан кетиришкен экен. Андагы баардык протоколдор бар. Кетиргенде ал документтерди бербей, «бүт жоготком, мɵɵр да жок» деп бербей койгон. 2012-жылы кооперативдин жамааты жыйын куруп, жаңы мɵɵр жасаталык деген чечим кабыл алыптыр. Газеталарга берип, бүт процедураларын жасап бүтүп, 1,5 жылдан кийин жаңы мɵɵр жасатышкан. Ошону менен иштеп башташат. 2016-жылы мени директор кылып шайлашкан. Мурдагы Т.Табалидиева деген директору мага ɵткɵрүп берген. (Сезон маалында мɵɵр директорлордо болот, отчет бергенге чейин). Ал учурда кооперативде Беккулуева тɵрага эле. Кɵрсɵ, Усубалиев мɵɵрдү жогопой эле катып жүрүп, 2015-жылы жалган протокол менен Адилет министрлигине каттатып алыптыр. Анан мышыктай болуп тымызын иш жүргүзүп, жетекчимин деп ар кимге жер сатыптыр. Андан сырткары, Беккулуева жасалма мɵɵр жасатты деп милицияга арыз жазып, бир топ кишиге иш козготкон. Усубалиев Биринчи Май райондук ШИИБинин Абдраев деген тергɵɵчүсүнүн кекиртегин майлап койгон окшойт, ал үч жыл сүйрɵп жүрдү. Анан акырында прокуратурага кайрылдык, алар Октябрь ШИИБине ɵткɵрүп, алар иликтеп, кылмыш жоктугуна байланыштуу ишти кыскарткан. Ошондо Адилет министрлигине каттап, Сариева Роза Керимовнаны тɵрайым кылып шайлаганбыз. Мыйзамдуу тɵрайым шайлангандан кийин да, Усубалиевге документтерди бербей, алдамчылык менен жүрɵт. Жанындагы Орозкожоева, Калчакеев, Кадыркулов деген 5 киши менен мыйзамсыз иштерди жасап жатат. Аларга кооперативдеги 35 киши каршы. Негизи, 2012-жылдан бери Усубалиевди укук коргоо органдарына бериш керек деген чечимдер кабыл алынган. Бирок, адамкерчилик менен карап, айкɵлдүк кылып келдик. Бирок, ага түшүнбɵйт экен да. 


--«Берекени» оңдойлук десек, акча тɵлɵбɵйт. Орозкожоева менен Калчакеев мамлекеттик кызматкер, бирок бизнес кылып акча табып келишкен. Жакын арада бири сиңдисине, бири аялына которгон. Мейли, табышсын, ага каршылык жок, бирок «Берекени» оңдогонго жардам берсин да. Мурун булар электр энергиясын уурдачы, ошону айтам деп Кадыров бизди эки жыл сотко сүйрɵдү. Усубалиев болсо пирс салам деп, навестин баарын талкалап сатып жиберди. Кооперативдин мүлкүн жыйынга салбай туруп, жалган келишимдерди түзүп 2 млн 800 миң сомду пансионаттын мойнуна илгени жүрɵт. Жакында Ысык-Кɵл ОИИБине кайрылып, Усубалиевге чара кɵрүүнү ɵтүнгɵнбүз. Бул адам Казарман, Тогуз-Тородо «Таза суу» долбоорунда иштеп жүргɵндɵ, миллиондогон акчаларды жегени боюнча сɵздɵр бар. Эми ошолорго чейин чукулат, мыйзамсыз салган үйүн, саткан жерлерин айта турган учур келди. 


Роза Сариева, «Береке» кооперативинин башкаруу кеңешинин тɵрагасы:


--Беккулуеваны жалган жалаа менен жамандап жатышат. Анаркүлдүн кооперативге жасаган эмгеги ɵтɵ чоң. Муну биз бардыгыбыз жакшы билебиз. Усубалиев мɵɵрдү жоготуптур дегенде, жалпы жамаат чогулуп чечип, ИИмге кат жɵнɵтүп, гезитке чыгарып, анан мыйзамдуу түрдɵ мɵɵр жасаткан. Каттоодон ɵткɵндɵн кийин 2016-жылы жалпы жыйында мени жетекчи кылып шайлашкан. Ошондон кɵп ɵтпɵй, Айыл чарба министрлигине чакырып, «акча тɵлɵп берели, чекке мɵɵр басып бериңиз» дегенинен баргам. Кɵрсɵ, алдап чакырыптыр. Усубалиев эки эңгезердей чоң милицияны киргизип, алар мага тапанчасын такап, ИИМге салып кетти. Ошол жерден мɵɵрдү тартып алышты. Анан тергɵɵнү башташты. Абдраев деген тергɵɵчү кимди гана чакырган жок. Мɵɵр жасаткан жерге чейин барып текшерип, эч кылмыш таба алган эмес. Акырында токтотуп, Октябрь ШИИБи ишти кыскарткан. Акционерлердин кɵпчүлүгүн добушу менен шайланган күндɵн баштап мурунку уставды жана эски мɵɵрдү бер деп Усубалиевге кайрылгам, жооп жок, качып жүрɵт. 2009-жылдан 2019-жылга чейин Усубалиев бир да жыйын ɵткɵргɵн жок. Биз 27-сентябрда дагы жыйын ɵткɵрдүк. Отчет бердик. Усубалиев келбей койду. Келбесе койсун десек, жɵн жатпай Беккулуеваны жаманатты кылып жатат. Бизди тынч койгон жок. 27-сентябрдагы жыйында жамааттын кɵпчүлүгүнүн чечими менен Усубалиевди кооперативден чыгардык. Бизди далай жыл сотко сүйрɵдү. Кудай бар, бул бирди кɵрɵт.


Нургазы Айтмырзаев
Булак:Де-Факто



Добавить комментарий
Или водите через социальные сети
Кликните на изображение чтобы обновить код, если он неразборчив

Погода в Кыргызстане Курс валют к сому
«    Ноябрь 2020    »
ПнВтСрЧтПтСбВс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30 



Видео // 20:58
Чукул кабар: Баткенде ок атышуу болуп жаткан тасма тарады
Видео // 18:13
ВИДЕО - Сыймык Жапыкеев Манаска асылганы аз келгенсип, эми “Кара-Жорго” бийин шылдыңдады
Видео // 13:02
ВИДЕО - Жапыкеев: “Фактыны мынтип туруп бир жерине тыгып коём”
Видео // 12:32
ВИДЕО - Баласы апасын тирүүлөй жерге көмүп салып, энеси 3 күндөн кийин тирүү табылды
Видео // 11:20
Улуттук Гвардиянын аскерлери Улуу Ата-Мекендик согуштун 75 жылдыгы менен өзгөчө куттуктады